www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Юстиция министрлиги 2022-жылы нотариус системасында фундаменталдык реформа жүргүзөт. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

"Кыргыз Республикасынын нотариат" жөнүндөгү мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча" мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду. Демилгечи — өкмөт.

"Мыйзам долбоордо Нотариалдык палата түзүү каралган. Бул жеке жана мамлекеттик нотариустардын укуктарын теңдөөнү талап кылат. Кийинчерээк мамлекеттик нотариалдык мекемелерди этап-этабы менен жоюу пландалууда", — деди Юстиция министрлигинен.

Бардык нотариустар милдеттүү түрдө Нотариалдык палатага мүчө болушу керек болот. Аймактык филиалдар жана адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында окуу борборлору түзүлөт.

Документте жеке нотариалдык иш менен алектенүү лицензиясын беш жылга берүү, ошондой эле мөөнөтү бүткөн соң 10 жылга экзаменсиз узартуу (эгер нотариуска карата арыздар жок болсо) сунушталууда.

Мындан тышкары, бул жаатта иш алып барууну каалагандардын жаш курагы 25тен 70ке чейин болушу керек.

Коомдун аярлуу катмарына нотариалдык кызматтардын айрымдарына белгилүү бааны бекитүү пландалып жатат.

Документтин толук тексти менен коомдук талкуу порталынан тааныша аласыздар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости