www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандан малдын ичеги-карыны сыртка көп сатылууда

2020-жылы Кыргызстан сыртка малдын 1 284,1 тонна ичеги-карынын саткан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтында жазылган.

Жогорудагы азык баш-аягы дээрлик миллион долларга бааланган.

Мекеме "Жаныбарлардын ичеги-карыны" товардык номенклатурасы боюнча маалымат берди.

Кыргызстандан ичеги-карын алган мамлекеттер:

  • Гонконг (Кытайдын аймактык району) — 808,4 тонна;
  • Вьетнам — 413,6;
  • Түркия — 40,1;
  • Мьянма — 22.

Ал эми 2019-жылы 250 тоннага аз сатылып, жалпы суммасы 984 миң долларды түзгөн. Өткөн жылы Гонконг ичеги-карын экспорттолгон мамлекеттердин катарында жок болчу.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости