www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Билим берүү жана илим министрлигинде “КМШнын мыкты студенти-2020” конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жеңүүчүлөрдү билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев куттуктады.

Долбоордун негизги максаты жаш окумуштуулардын инновациялык долбоорлорун аныктоо болду. Ошондой эле, КМШдагы бардык ЖОЖдордун ичинен илимий-изилдөө иштеринде, чыгармачылыкта, студенттик башкармачылыкта, спортто жана билим берүү тармагын өнүктүрүү аянтчаларын түзүүдө, КМШ өлкөлөрүнүн студенттик кызматташуусун калыптандырууда өзгөчөлөнө алган студенттерди аныктоо жана мындан аркы ийгиликтерге шыктандыруу дагы долбоордун максаттарынын бири.

Белгилей кетсек, аталган конкурска КМШ өлкөлөрүнөн 600 арыз ташталган. Кыргызстандан 70 студент катышып, алардын 24ү “КМШнын мыкты студенти” аталган.

Эске салсак, “КМШнын мыкты студенти-2020” эл аралык долбоору 2020-жылдын март айында башталган. Долбоор “Бобек” жалпы улуттук кыймылы жана КМШ жаш окумуштуулар ассоциациясы тарабынан уюштурулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости