www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Леонард кометасы жерге жакындап келе жатат. Ал жылдын эң жарык кометасы болорун Москва планетарийи билдирди.

12-декабрда объект перигей орбитасынан өтүп, Жер планетасына эң жакын деп эсептелген 35 миллион чакырым аралыкта өтөт. Астрономдордун божомолунда, айдын орто ченинде кометанын жарыгы артып, аны даана көрүүгө болот.

Декабрдын ортосуна чейин Леонард кометасын кечинде бир-эки сааттай, ошондой эле таң эрте горизонттун чыгыш тарабынан саат 8:00дөр чамасында (Бишкек убактысы боюнча) байкоого болот. Бул учурда Айдын жарыгы кометаны көрүүгө тоскоол болбойт.

Леонард кометасы 2021-жылдын 3-январында ачылган. Кызыгы, объект табылгандан толук бир жылдан кийин эле ал Күнгө эң жакын жерден өтөт.

Комета өтө чоюлган эллиптикалык орбитада жылып отурат, ошондуктан ал узак мезгилдүү деп эсептелет. Адамзат аны мурда эч качан көргөн эмес. Айрым маалыматтарда аталган комета жердин жанынан мындан 200 миң жыл мурда учуп өткөнү айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости