www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Консультациялык-укуктук жардам юстициянын аймактык башкармалыктарынын алдындагы акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору тарабынан көрсөтүлөт.

Консультациялык-укуктук жардамдын алкагында 2021-жылдын 9 айында 34421 укуктук консультация берилген. Алардын ичинен 18233 аялдар жана 15201 эркектер.

Жарандык статусу жагынан алганда:

- 31070 Кыргыз Республикасынын жараны;

- 2301 чет өлкөлүк жарандар;

- 62 жарандыгы жоктор;

- 1 качкын.

Социалдык статусу боюнча алганда:

-154 ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү;;

- 631 балдар;

- 7992 жумушсуздар;

- 14609 жумуштуулар;

- 6512 пенсионерлер;

- 3536 аз камсыз болгондор.

Маалымдама:

- укуктук-консультациялык жардам өзүнө Кыргыз Республикасынын укуктук тутуму, укук субъекттеринин укуктары жана милдеттери, укуктарды соттук жана соттон тышкаркы тартипте ишке ашыруу жана пайдалануу ыкмалары жөнүндө маалымат берүүнү; укуктук маселелер боюнча консультация берүүнү; укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардамды; квалификациялуу юридикалык жардам аныктамасына кирбеген жардамдын башка формаларын камтыйт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости