www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандыктардын паспортуна улуту жазыла баштайт

Кыргыз Республикасынын жарандарына бериле турган паспортко улуту дагы жазылып баштайт. Бул маалыматты премьер-министр болуп жаңы дайындалган Садыр Жапаров мамлекеттик резиденциядагы маалымат жыйында билдирди.

«Бүгүнкү күндөн баштап улуту деген графа кирип жатат. Кечээ күнү, 2 күндүк ишимде ушуну чечтим. Бул жерде так кесе айтып коёюн: ким кааласа кыргыз деп жаздырат. Каалабаса жаздырбай эле ала берсе болот, ID-карт паспортту. Бирок эртеңки күндөн башталбайт. Анткени техникалык жагы бар экен, 60 күндөн 90 күнгө чейин убакыт сурашты. Ушул аралыкта программаларыбызды тактап, андан кийин 60 күндөн кийин бере баштайбыз деди. Бул маселе чечилди. 60 күндөн кийин же 90 күн болуп калышы мүмкүн. 90 күндөн кийин улуту деген жазуу менен ала баштасаңыздар болот», - деди Садыр Жапаров. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости