www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын «Сары-Шаган» аскердик полигонундагы машыгуу учурунда Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрү 3 ракетасын жоготкон факт боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду.
Эске сала кетсек, буга чейин 24.kg сайты өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып, жоголгон ракеталар тууралуу жазып чыккан болчу.
Анда айтылгандай, машыгууга Кыргызстандын зениттик-ракеталык бригадасы С-125 жана С-75 үлгүсүндөгү сегиз ракета алып барган. Алардын бешөө атылган болсо, дагы үчөөсүнүн дайыны жок. Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзүп жатканын аталган агенттик жазып чыккан болчу.
Бирок Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы ракеталардын жоголгондугу боюнча фактыны четке каккан. Ведомствонун маалыматында, «Сарышаган» полигонунда өлкөдөн барган согуш куралдарынын бир нечеси “жараксыз абалда” деп табылган. Ошондуктан алар жок кылынган. Бул боюнча акт дагы бар.
Булак: NazarNews.kg