www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын экономикасы Кумтөр кенин кошпогондо 2018-жылы 103,5 пайызды түздү же мурдагы жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга өскөн. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда парламент жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.


Өкмөт башчынын айтымында, бюджеттин кирешеси 135,5 миллиард сомду, чыгашасы 141,9 миллиард сомду түзгөн. 2018-жылы бюджеттин дефицити 1,2 пайызды түзгөн. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Жалпысынан тартыштык 6,46 миллиард сом болуп, 2017-жылга салыштырганда 10,9 миллиард сомго же үч эсеге азайган. 2017-жылы дефицит 17 миллиард 377 миллион сом болгон. Учурда Жогорку Кеңеш 2018-жылы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча өкмөттүн отчётун угуп жатат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости