www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Чек ара кызматына жогорку кызматтагы аткаминерлерди чет өлкөгө чыгарбоо боюнча тапшырма берилди. Маалыматта чет өлкөгө чыгууну чектөөгө "кызыкдар болгон тиешелүү органдар" тарабынан коюлганы айтылды.

Маалыматка ылайык, Чек ара кызматына "КРдин мыйзамдарына ылайык, тиешелүү органдар тарабынан бир катар жактарга өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүсүнө тыюу салуу" боюнча тапшырма берилгендиги айтылган.

Аталган тапшырманы кабыл алып жана аткаруу тартиби өлкөнүн тиешелүү ченемдик-укуктук актылары менен жөнгө салынарын аталган кызматтан кошумчалашты.

Буга чейин Коопсуздук кеңешинин жетекчисинин орун басары Өмүрбек Суваналиев Кыргызстан чек арасын жапкандыгын жана күч түзүмдөрү абалды көзөмөлгө алганын айткан.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости