www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда ооруканалардын дары-дармек ташуучу компанияларга карызы бүгүнкү күндө 360 миллион сомдон ашууда. Бул тууралуу 16-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Дары-дармек жана коргоочу костюмдар үчүн карыз боюнча маалымат 1-ноябрга карата түзүлгөнү айтылды.
Депутат Айнура Аскарова коронавирус пандемиясына байланыштуу дарыгерлерге төлөнүп берилүүчү кенемте маселесин көтөрдү. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонддун өкүлү коронавируска каршы күрөшүүгө 343 миллион доллар келгенин белгилеп, дарыгерлерге тийиштүү кенемте берилип жатканын билдирди.
Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул илдет дээрлик 67 миң адамга жукту.
Булак: NazarNews.kg