www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети депутат Исхак Пирматов тарабынан демилгеленген »Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

«Өзбекстан жана Тажикстан менен визасыз режим киргизилгенден кийин, ири суммадагы акчалар коңшу мамлекеттерге кетет. Анткени бул республикалардын жарандары Кыргызстанга келип иштешет», - деди мыйзам долбоорунун демилгечиси. Ал республикалык бюджет болжол менен 1 млрд сом жоготорун жана бул жоготуулар жергиликтүү кеңештердин бюджеттеринин деңгээлинде болорун белгиледи.

Ушундан улам, мыйзам долбоорунун демилгечиси Кыргызстанга акча табуу үчүн келген иммигранттар үчүн 500 сомдук патент киргизүүнү сунуштоодо. «Бирок, Өкмөт мыйзам долбооруна терс корутунду чыгарды», - деп кошумчалады депутат.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости