www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлиги окуу китептериндеги карталарды текшерип чыгат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, жакында эле соцтармакка 3-класстын "Мекен таануу" китебинин сүрөтү жарыяланган. Китепте Кыргызстандын картасынын бир нече сүрөтү көрсөтүлүп, анда Ворух Кыргызстандан өзүнчө бөлүнүп туруп калган.

Министрлик бул окуу китеби эмес, жумушчу дептер экенин айтып, ал 2014-жылы Е.А. Бухова, О.В. Солошенко, Е.П. Шаповалова кирген топ тарабынан "Аркус басмасы" ЖЧКсы менен бирге иштелип чыкканын белгиледи. Ошол эле жылы бул окуу китебин Кыргыз билим берүү академиясы карап чыкканы, ага карата жумушчу дептер 2018-2019-жылдары иштелип чыкканы кошумчаланды. Маалым болгондой, "Аркус басмасы" ЖЧКсынын сүрөтчүсү жана дизайнери окуу китебинин текстин жасалгалоодо төмөнкү булактан алынган сүрөттү пайдаланган.

Министрлик 2020-жылы өлкөдө окуу-усулдук материалдардын сапатын жогорулатуу үчүн "Окуу китеби" республикалык илимий-практикалык борбору түзүлгөнүн айтып, эми алар жаңы окуу китептеринин мазмунун карап, ката кетсе түздөн-түз жоопкерчилик тарта турганын белгиледи.

"Окуу китептери эми экспертизанын төрт түрүнөн өткөрүлөт. Алар: илимий экспертиза, илимий-педагогикалык экспертиза, антидискриминациялык жана гендердик экспертиза. Бул үч экспертизадан өткөн соң окуу китептери практикалык-педагогикалык экспертизага (апробацияга) жөнөтүлөт. Булардын баарынан кийин авторлор бардык сунуштарды эске алуу менен аны кайрадан иштеп чыгышат", — деп айтылат маалыматта.

"Окуу китеби" борбору мурда басылып чыккан окуу китептеринин каталарын жоюу үчүн аларды кайра басып чыгарууда да экспертиза жүргүзөрү кошумчаланды. Азыркы тапта кетирилген кемчиликтерди жоюп, ага оңдоп-түзөө киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы маалым болду.

Ворух картада Кыргызстандан өзүнчө бөлүнүп калган ката биринчи жолу кетирилип жаткан жок. Мындай окуя 20-ноябрда да катталган. Бул күнү Садыр Жапаров прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен "Ала-Арча" резиденциясында куттуктаган. Иш-чаранын сүрөттөрү социалдык тармакка жүктөлгөн соң президенттин атындагы фонддо Кыргызстандын картасы туура эмес экени, Ворух анклавы Тажикстандын аймагы менен биригип калганын көрүүгө болот. Бул социалдык тармактарда нааразычылык жаратып, кийин сүрөттөр өчүрүлгөн.

Ушул жылдын март айында Кыргызстандын УКМК жетекчиси жана чек ара маселелери боюнча өкмөттүк делегациянын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда Кыргызстан Тажикстанга Ворух анклавын Баткендин башка жерлерине (12 миң гектар) алмашууну сунуштаганын билдирген. Бирок Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мындай сунуштан баш тарткан.

Бир айдан кийин чек арада куралдуу кагылышуу болуп, эки тараптан тең ондогон кишилер көз жумган. Андан соң тараптар сүйлөшүү жүргүзүп, Ходжаи Аъло — Ворух жолун биргеликте курмай болушкан. Бирок Ташиев Ворух анклавына эч кандай коридор берилбегенин айтып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости