www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда буудай тартыштыгы жаралабы?

Түшүм начар болгонуна карабай, өлкөдө буудай тартыш болбойт. Бул туурасында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстандын пресс-борборунда өткөн брифингде айтты.

Министрден быйыл кайсыл дан эгининен түшүм аз жыйналганын жана анын азык-түлүк коопсуздугуна таасири канчалык экенин сурашкан.

"Буудай азыгына токтолгум келет. Быйыл үрөн, тоют буудайы жана арпа данынын 35-38 пайызы жыйналбай калды. Бирок бул Кыргызстандын буудайынын жалпы көлөмүнө таасир эте албайт. Эгерде киши башына эсептегенде, ар бир кыргызстандык орточо эсеп менен 115 килограмм керектейт. Учурда мындай көлөмдөгү буудай бар, ошондуктан тартыштык боюнча тынчсызданууга негиз жок", — деди министр.

Ал буга төмөнкү жүйөлөрдү келтирди:

  • Киреше нарк салыгы (КНС) алып салынгандыктан Кыргызстанга буудай ташып келүү пайдалуу;
  • Айыл чарба, Экономика министрликтери жана тегирменчилердин ортосунда үч тараптуу келишим бар, ага ылайык, ар бир ун комбинаты кампада 2 миң тоннадан кем эмес дан сактоого милдеттүү;
  • Мамлекеттик материалдык резервде жетиштүү көлөмдө буудай бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости