www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президентин ташыган учак эскирген. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев Sputnik Кыргызстандын пресс-борборунда өткөн маалымат жыйынында айтты.

Буга чейин Садыр Жапаровдун Глазгого (Улуу Британия) болгон сапарында президенттик администрация бизнес-класстагы менчик Embraer Lineage 1 000 учагын ижарага алган болчу. Өлкө башчысын ташыган №1 борт (Ту-154) Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын техникалык нормаларына дал келбегендиктен, ушундай кадам жасалганы айтылган.

Брифингде Настаевден президентке качан жаңы лайнер берилерин сурашты.

"Жарандык авиация агенттиги чарбалык субъект болуп эсептелбегендиктен, №1 аба кемесин качан алмаштыруу керектигин аныктай албайт. Президенттин учагы эскиргендиктен, анын учууга жарамдуулугун жана учуу коопсуздугун сактоо үчүн жыл сайын көбүрөөк чыгым талап кылынат. Учакты алмаштыруу боюнча маселени аны иштеткен авиакомпания жакшы билет", — деп жооп берди ЖАА жетекчиси.

Ал өлкөнүн расмий делегацияларын ташуу менен "Эйр Кей Джи" авиакомпаниясы алектенерин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости