www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кышкы эс алуу күндөрүңүз кандай өтүп жатат? Жыл жаңырары менен бардыгыбыз кызматтан бошоп, чыдамсыздык менен күткөн кышкы каникулга тарайбыз. Албетте, ар бир адам эс алуунун жолун табитине жараша тандап алат эмеспи. Ал эми кээ бир өнөр адамдары бул күндөрдү кайда, кантип өткөргөнү тууралуу маалыматты төмөнкү сурамжылоодон баамдайлы.

Жеңишбек Жумакадыр: «АКШны кыдырып көп нерселерине баа берип келдим»

— Жыйырма күн Америкада жүрдүм. Чикаго менен Калифорния штатында жашаган кыргыздар менен жолугушуу болду. Аларга өзүмдүн китептеримди белек кылып, ырларымдан окуп, ырдап  бердим. Мекендештер жолугушууга абдан көп келишти. Ар кимиси туулган жерге болгон сагынычын, ой-пикирлерин айтышты. Жолугушуудан тышкары бир топ жерлерин кыдырып, Американын өсүп-өнүккөн өлкө экенине баа берип, абдан суктанып келдим.

Байыш Момунов: «Айылга, апамдын жанына барып эс алып келдим»

— Апамдын туулган күнү 1-январь болгондуктан, жыл сайын бир туугандар чогулуп Ошко апамдын туулган күнүнө барууну салт кылып алганбыз. Апамды кош майрамы менен куттуктап, ошону менен бирге бир жумача айылда эс алып дагы келебиз. Учурда бир туугандарымдын көпчүлүгү чет өлкөлөрдө иштегенине байланыштуу быйыл иним Жаныш экөөбүз эле үй-бүлөбүз менен бардык. Апамдын ал-акыбалын сурап, жанында сырдашып отуруп, эркелеп чайын ичип, айылдын таза абасынан дем алуу мага дайыма күч-кубат берип келет. Албетте, эненин сүтүн эч нерсе менен актай албайбыз. Бирок көзү тирүүсүндө ыраазы кылып, батасын алганга эмне жетсин! Жыл сайын апамдын алкышын алып келип, анан гана жумушка киришем.

Гүланда: «Дүйнөнүн эң кооз, таза, ыйманга толгон өлкөсү Дубайда эс алып жүрөбүз»

— Адам баласы жумуш менен бошобой жүрүп эс алганды кээде унутуп коёбуз. Тескерисинче, эс алууну башкы планга коюп, иштөө үчүн адам өзүнө энергия топтошу керек деп ойлойм. Ушул принципке таянып беш жылдан бери үй-бүлөбүз менен жыл сайын кышкы эс алуу күндөрүндө ысык өлкөгө барып эс алып келүүнү адатка айлантканбыз. Ошол себептүү балдарым «быйыл каякка барабыз?» деп кышкы каникулду чыдамсыздык менен күтүшөт. Кудайга шүгүр, быйыл бизге Дубай жергесин көрүүнү насип кылыптыр. Буга чейин интернеттен, телевизордон көрүп эле жүрчүбүз. Бирок чыныгы көргөн таптакыр башкача экен. Дүйнөнүн эң кооз, таза, ыйманга толгон чөлкөмү экен чындыгында. Буюрса, 10 күн ичинде келерки жылга чейин жетчү позитив, энергия топтоп кетебиз деген үмүттөмүн.

Съездбек Искеналиев: «Балдарыбызга унутулгус эс алуу тартууладык»

— Кудай буюруп кышкы эс алуу күндөр эң жакшы нукта өттү. Негизи эле эс алуу күндөрүн үйдөн сырткары өткөргөнгө аракет кылабыз. Анткени балдар бир чети бук болсо, экинчиден, эмне кыларын билбей үйдү үч көтөрүшөт. Быйыл дагы балдарыбызга, өзүбүзгө унутулгус каникул тартууладык деп ойлойм. Анткени үй-бүлөбүз менен бат-баттан эле кинотеатрларга, парктарга барып чер жазып жаттык. Анан да жыл сайын досторубуз менен кышында тоо-лыжа базасына барып эс алган салтыбыз бар. Салтты бузбай быйыл да «Тогуз-Булак» комплексине барып лыжа тээп келдик. Бизден өтүп балдарыбыз сүйүнүштү.

Айым Айылчиева: «Эс алуу менен жумушту айкалыштырып Таиландда жүрөм»

— Кышкы каникул убагында 10 күнгө Таиландга келдим. Бул сапарымды мен эс алуу менен жумуштун айкалышы деп айтат элем. Анткени азыр кайсы бир туристтик агенттик менен иштешип жатам. Агенттик менен биргеликте Таиланддагы эс алуу тууралуу видеоблог тартууну пландаганбыз. Андыктан мени менен кошо  Миша аттуу видеограф досум дагы келди. Эми 10 күн аралыгында бул экзотикалык өлкөдөн өзүбүзгө дем-күч алып, энергия топтоп кайтабыз буюрса.

Кундуз Казыбек кызы: «Нарындын катуу суугу ойдогудай эс алуубузга жолтоо болгон жок»

— Быйылкы кышкы каникулду биз үй-бүлөбүз менен Нарын жергесинде өткөрдүк. Анткени ал жакка баруубузга, биринчиден, жолдошум Акбар Сүйүнбаевдин жумуштары себеп болсо, экинчиден, менин ата-энем ошол жакта жашагандыктан алар менен учурашып келүүгө да мүмкүнчүлүк болду. Албетте, Нарын абдан суук. Бирок суукка карабай эң сонун эс алдык. Анткени кышкы эс алууга ылайыкталган муз аянтчалары, дегеле эс алуу үчүн Нарын шаарында эң сонун шарттар түзүлгөн экен. Мисалы, Бишкектен балдарды коньки тепкенге алпарсак, ашып кетсе эки саат жүрүшөт. Ал эми бул жактан каалашынча ойношуп, өзгөчө балдар үчүн эң сонун эс алуу болду.

Айтурган Эрмекова: «Эс алуу учурунда менин жумушум көбөйдү»

— Чынын айтсам, эс алган деле жокмун. Ырчылык кесибиме байланыштуу Жаңы жылдан кийин, тескерисинче, менин жумушум көбөйдү. Дээрлик күн сайын той, концерттерде кызмат кылып жатам. Албетте, ырдап-чоордоп жүргөнгө эмне жетсин, бирок бир аз тыным алуу дагы керек. Чет өлкөдө, лыжа тебүүчү жайларда деле эс алган жакшы. Бирок менин жан дүйнөм учурда тынчтык өкүм сүргөн жерлерге ыктап жатат. Андыктан курортко барып ден соолукка кам көрүп, аны менен катар эс алып дагы келүүнү эңсеп жүрөм.

Асель Эсенбек кызы

Булак: "Lady.kg" 

Последние новости