www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Диетолог Марина Макиша кышкысын организмге кандай витаминдер керек экенин тизмектеп берди. Адистин кеңештери РИА Новостиге жарыяланды.
Дарыгердин айтымында, вирустук оорулар күч алып турганда жашылча-жемиштерди (тоңдурулгандарын деле) көп жеген жакшы. Алар витамин жана антиоксидант болгондуктан, иммунитетти бекемдөөгө жардам берет.
Адис мөмө-жемиштердин ордуна ачытылган капуста сыяктуу тамактарды жесе болорун белгиледи. Ачытылган капустанын курамында ичеги үчүн пайдалуу бактериялар көп жана ал С витаминине бай.
Диетолог кышкысын күн кыска болгондуктан, организмге D витамини жетпей каларын кошумчалады. Эгер организмге бул витамин жетишпей жатса, адамдын уйкусу бузулуп, депрессияга алып келет. Бул учурда нерв системасын жакшыртуу үчүн магний менен B6 витаминин кошуп ичүү зарыл.
Мындан сырткары, диетолог кышкысын тамак рационуна эт, балык, жумуртка жана сүт сыяктуу белогу көп азыктарды кошууну сунуштады.
Себеби организмде белок аз болсо, адамдын иммунитети түшүп кетет.
Булак: NazarNews.kg