www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Associated Press агенттиги Кытай өкмөтү COVID-19 вирусунун пайда болушу тууралуу иликтөөнү ачыкка чыгарганын кабарлады.

Маалыматка караганда, Кытай бийлиги пандемияга алып келген вирустун пайда болушун иликтөө үчүн окумуштууларга ири грант бөлүүдө. Бирок бир дагы материал мамлекет башчы Си Цзиньпиндин көзөмөлүндөгү атайын комиссиянын макулдугусуз жарык көрбөйт. Маалымат кандайдыр бир себептерден улам чыгып кетип, аны журналисттер ачык булактарга жайгаштырышкан.

Бул арада Кытай өкмөтү вирус өлкөдөн тышкаркы аймакта пайда болгон болушу ыктымал деген божомолду жайылтууга аракет жасоодо.

Ушул тапта вирус жуктурган жарганаттар мекендеген үңкүр өзгөчө көңүл борборуна ээ. Бул аймакка кирүүгө дээрлик тыюу салынган. AP журналисттери ал жакка барууга аракет жасашкан, бирок жолду тосуп уруксат беришкен эмес.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости