www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Казакстандын каалоосуна ылайык жана өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде коңшу өлкөгө жардам көрсөтүүгө даяр, деп билдирди РИА Новостиге КЭР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, буга чейин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге жолдогон кайрылуусунда Бээжин Казакстандын стабилдүүлүгүнө доо кетирип, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирген күчтөргө чечкиндүү түрдө каршы тураарын билдирген.
Ошондой эле, Си Цзиньпин эки өлкөнүн ортосундагы достукка доо кетирүү жана кызматташтыкка тоскоол кылуу аракеттерине каршы чыгып, ошондой эле Казакстанга зарыл болгон колдоо жана кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берүү үчүн колдон келгендин баарын кылууга даяр экенин билдирди.
«Кытай менен Казакстан достук кошуналар жана туруктуу стратегиялык өнөктөштөр. Кытай Казакстан менен тыгыз байланышта жана казак тараптын каалоосуна жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жардам көрсөтөт», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Тышкы иштер министрлиги Кытай тынчтыкты калыбына келтирүүгө, экономикалык өнүгүүгө жана Казакстандын калкынын жашоосун жакшыртууга көмөктөшүүчү чараларга конструктивдүү мамилени карманарын билдирди.
Булак: NazarNews.kg