www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орус ак падышасы, Ленин, Сталин улуттук республикалардын чек араларын чечкенде бири-бири менен талашып турушу үчүн, атайын талаш жерлерди түзгөн. Ошондуктан армян менен азербайжандар ушул күнгө чейин Тоолуу Карабахты, тажиктер менен өзбектер Бухараны талашып келе жатышат. Эми майда-чүйдө талаштар толтура. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү алган соң кошуна Кытай менен чек ара маселеси чечилген. Кытайга махабатын арнаган бийлик 1996-жылы 4-июлунда Кытай-Кыргыз келишиминин негизинде Жаңы-Жер, Боз-Айгыр-Кожент, Хан-Теңир мөңгүсүнөн, Эңилчектен 35 миң 87 гектар, ага кошумча 1999-жылдын 26-августунда Үзөңгү-Кууштан бардыгы 87 миң 200 гектар жер кеткен. 877,12 кв-км жер, 87 миң 712 гектар жер соолуктап ыйлап Кытайга кете берген. Дүйнөдө 65 чакан мамлекеттин ичинде бул аянт 15 орунду ээлеп, биздин башка мамлекетке кеткен аянттарыбыз 50 мамлекеттин аятынан чоң экен. Бул жерге 1934төн ашуун Ватикан мамлекети, 438 тен ашуун Монако мамлекети, 125тен көп Гибралтар мамлекети, 87ден ашуун Токелау мамлекети батып кетмек. Дүйнөдө 50 мамлекеттен жогору эсептелген Доминика менен Кирибати бул аянтка ойноп сыймак. Акчанын кудайы эсептелген 5 Лихтейнштейн батат эле. Ал эми Люксембургдун үчтөн бири батмак анын аянты 2598 кв.км биз берген жер 877. 12 кв. км.
2001-жылдын 15-декабрындагы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында Кара-Буура районунун Көк-Сай аймагы, Маймак карьерасы, Токмоктун чеке белиндеги Бишкек-Торугарт трассасындагы Ысык-Ата районунун 12 гектарлуу Дружба аймагы, Каркыра жайлоосунун 500 гектар жайытын казакка берүү жөнүндө сөз болгон. Балким бул ошол кезде Нурсултан Назарбаевдин кызын уулуна алып берген Акаевдин калыңы чыгар. Мындай жерди беришке калк нааразы болуп чыккан. Бирок, 2008-жылдын апрелинде ратификацияланып Кара-Бууранын Маймагы менен Көк-Сайын. Каркырада 500 гектар жер, Токмокто 12 гектар жер Казакстанга берилип, Казакстан менен чек ара маселеси чечилген.
Кыргыз-өзбек чек арасы
Кыргыз-өзбек чек арасы 100 пайыз чечилгенин аттуу-баштуу мамлекеттик атка минер Камчыбек Ташиев айтты. Көрсө, чек ара маселесин чечип коюш деле мамлекет башында тургандар үчүн тез эле экен. Бул маселелерди чечүүдө өтө оор маселелер каралды. Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен, суу сактагыч биз тарапта эле калды. Бул суу сактагычтагы суунун 95% өзбек тарап колдонот. Суу сактагычтын аймагы 800 гектардын тегерегинде. Анын 200 гектарын ушуга чейин бизге компенсация кылып берген. Азыркы күндө 600 гектарга жетпеген жер калган. Ошонун эсебинен биз тарапка мурда талаштуу болгон жерлер, Көк-Серек айылы, 105 гектар жер биз тарапка жазылды. Ала-Букадагы Баястан участогунда 212 гектар, Кара-Сууга караштуу Ак-Ташта 100 гектар, Үңкүр-Тоодон 35 гектар, Үңкүр-Тоо тоосу толук бойдон бизге жазылды жана Кара-Белес участогунан 25 гектар жер бизге жазылды. Бул жерди биз кайра кайтарып алдык. Бул участоктор Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен бизге өттү. Гавасай деген участок бар. Жалал-Абад жана Наманган облустары чектешкен жерде. Гавасай деген тилкеден 8 миң гектар жер Кыргызстанга өттү. Бул жерде 5-6 кыргыз айылдары жана жайлоолору бар. Мурда бир нече жолу ок атылып, ызы-чуу болгон жер. "Шахрихансай" плотинасынын баш жагынан 50 гектар жерди бердик, бирок ошол эле 50 гектарды Өзгөндүн баш жагынан ала турган болдук. Жер менен алмаштык.
Кемпир-Абад суу сактагычы 5735 гектар. Эми ошодон 1300 гектар жер Кыргызстанга өттү. 4400 гектар жер суунун үстүндө калды. Өзбек тарап бизге буга чейин 1973-жылы 4100 гектар жерди компенсация катары берген. Демек, 300 гектар жер дагы компенсация катары бериши керек эле. Бирок 300 гектар жердин ордуна компенсация катары биз миң гектар жерди алдык, булар Өзгөн, Сузак районунун жерлери. Эгерде мурда суу сактагыч толуп, жээктеги үйлөргө суулар тээп, маселе жаралып жаткан болсо азыр андай болбойт. Сууну кыргызстандыктар толук пайдалана алат. Алар өз тарабынан мурдагыдай тосуп, кайтарбайт.
Сохто эч кандай коридор жок. Эки тараптуу сүйлөшүүлөргө ылайык, 1-апрелден тарта Сох анлавында Кайтпаc, Риштан, Өтүкчү посттору ачылат. Посттон оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнө уруксат берилбейт. 20 орунга чейинки кичи автобустар, жеңил автоунаалар өтө алат. Эгемендик жылдардан бери чыңалуу жаратып келе жаткан өзбек-кыргыз чек ара маселеси үч жылдан бери ачык талкуулана баштаган эле. 2017-жылы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапары учурунда эки өлкөнүн чек арасы боюнча өткөөл келишимге кол коюлган. Ошол убакта чек аранын 85 пайызында тактоо иштери бүткөнүн эки тарап тең жарыя кылган.
Буга чейин эксперттер чек ара тилкесин тактоодо тараптар Кемпир-Абад суу сактагычы жана Гавасай аймагы боюнча орток пикир таба албай турганын айтып келишкен. Ала-Букадагы Гавасай аймагында 1950-жылдары 20 миң гектардын айланасындагы жер атайын чечим менен Кыргызстандан Өзбекстанга өткөрүлгөн экен. Бирок кыргыз тарап, ал жерлердин өткөрүлүшү канчалык мыйзамдуу болгон деген суроону коюп келген. Экинчи тилке, негизи документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча.
Суу сактагычты курган мезгилде суу алдында калган аймактарыбыз үчүн биз Өзбекстандан бир топ жерди алып, өзүбүзгө өткөрүп алган экенбиз. Бирок эми ошол кезде эле жерлерди алмашуу учурунда биз берген жер менен алган жерлердин айырмасы асман менен жердей экен. Мындайча айтканда, кара топурактуу, түшүмдүү жерлерди берип, суу чыкпаган же аз жеткен, түшүмсүз жерлерди алган экенбиз. Ошондон улам айрым адистер кошуналарыбыз суу сактагычтан аябай чоң киреше алганын айтып, аны кайра кайтарып алуу керектигин айтып келе жатат.
Бир кезде СССР пахтага абдан муктаж болуп калган. Ал эмес Өзбекстан компартиясынын биринчи катчысы, КПСС БКнын Саясий бюросунун мүчөлүгүнө кандидат Рашидов Кремлге барып Соң-Көл көлүн буруп Өзбекстандын пахтасын сугаруу тууралуу маселени койгон. Эгер Соң-Көл көлүн агызса Көкөмерен дарыясы аркылуу бир нече убакытта агып, биз оор экологиялык катастрофага туш болмокпуз. Албетте, Москвага бары бир эмес беле, анын үстүнө КПСС БКнын Саясий бюросунун мүчөлүгүнө кандидат өзү кийлигишип жатса. Ушул маселени чечүүдө КПСС БКнын гана мүчөсү Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Усубалиев КПСС БКнын Саясий бюросунун мүчөсу, Казакстан КП БКнын биринчи катчысы Динмухаммед Кунаевди ортого салып араң токтотуп калган дешет. Ал кезде пахта кездеме токуй турган эле сырье эмес, ракетанын кыймылдаткычтарынын отунуна керек болгон. Ал эми ал пахтаны Өзбек ССРи өстүрө алмак. Пахта аянттарын кеңейтүү үчүн суу сактагычтар курула баштаган. Карап олтуруп, Кара дарыянын чоң куймаларынын төмөн жагында тосмо курууга ыңгайлуу деп кууш жерине тосмо курган. Бирок ал жерлер үчүн Өзбекстан бизге жер бере турган болгон. Сол жээк Түркистан тоо кыркасынын ылдый жагынан Сохко чейин канал курмак. Аны менен 100 миң гектар жерди сугаруу жеңилдеп, дагы он миң гектар жаңы сугат жер кошулмак. Оң жээгине да канал курулуп Фергана тоо кыркаларынын этегиндеги жерлерге суу жетмек. Бирок ошол маселелердин көбү жасалбай, убакыттын өтүшү менен унутта калган. Качан гана биз чек ара маселесин тактап баштаганда бул оркоюп чыгып калды.
Көптөгөн жылдар бою Өзбекстан чек ара тактоодо катаал позицияны карманып, сүйлөшүүлөргө сыртын салып келген. Эки өлкө ортосундагы чек ара 1378 чакырым. Расмий маалыматтарда чек аранын 1170 чакырымы такталганы айтылып жүрөт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg