www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Ноокат шаарында жашаган 10 миңден ашуун тургунду ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 4,8 миллион евро алынууда. Аталган макулдашуунун долбоору парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин кароосуна киргизилди.

Долбоор «Ноокат шаарынын ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо» деп аталат. Анын максаты Ноокат шаары жана ага жакын жайгашкан Фрунзе, Чапаев айылдарын ичүүчү суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо боюнча жардам көрсөтүү болуп эсептелет.

Макулдашылган сумманын 2,2 миллион евросу кредит, 2,2 миллион евросу грант, ал эми 600 миң евросу Япония өкмөтү тарабынан техникалык грант түрүндө берилет. Насыянын жалпы мөөнөтү 15 жыл, анын ичинен жеңилдетилген мөөнөтү — төрт жыл.

Насыяны төлөө милдети Ноокат шаардык мэриясына жана Суу канал ишканасына жүктөлөт. Бул үчүн тарифтерге 2025-жылга чейин жылына бир сомдон кошулуп турат. Учурда шаарда таза суунун бир куб метри жеке жактарга 20 сом, юридикалык тараптарга 60 сом экени маалым.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости