www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Чек араны коргоп турган элге колдоо көрсөтүү керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мамлекеттик ишмер, Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов.

--“Чек араны тактап, ал жерди коргоо зарыл. Аны менен бирге, чек араны коргоп турган элге колдоо көрсөтүп, көчүп кетпеши үчүн жашоосуна жакшы шарт түзүү керектигин, электр энергиясын арзандатып, кошумча жерлерди бөлүп берүү зарыл. Негизги себеп чек ара сызыгынын жоктугунда, чек аранын такталбагандыгында болуп жатат. Талаш-тартыштын баары ошондон улам жаралууда. Чек ара жок болсо, чек арадагы аскерлердин мааниси деле жок. Биринчи чек ара сызыгы болсо, анан укуктук талаа болот. Анын негизинде анан коргоо кызматкерлери иш жүргүзө алат. Чек араны бүгүнкү күндө эл кармап турат. Мындай көрүнүштөргө чек коюу үчүн чек араны тактоо керек”, - дейт Айжигитов.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости