www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ бийлиги Кытай коронавирустун жайылуу масштабын жана анын канчалык деңгээлде корунучтуу экенин жашырып, коргонуу каражаттары менен медициналык препараттарды чогултуп алган деген шектенүүлөрдү четке каккан жок. Мындай маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Ал эми Associated Press агенттигинин маалыматы АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин ички баяндамасына таянуу менен билдирди.

Документ 1-майда даярдалган. Анда Кытай вирустун канчалык деңгээлде коркунучтуу экенин жашырып, ошол эле маалда медициналык товарлардын импортун көбөйтүп, экспортун кыскартканы айтылат.

3-майда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жаңы коронавирус Кытайдагы лабораториядан чыкканын далилдеген «фактылар абдан көп» экенин билдирген. Ал жекшембиде «ABC News» телеканалына интервью берип, Бээжин COVID-19 жараткан коркунуч тууралуу маалыматты өз убагында айтпай, жаап жашырган деп сындап, «Кытай Компартиясы дезинфомациясы үчүн жооп берет» деген. Ага чейин президент Дональд Трамп бул вирус Ухандагы лабораториядан тараганын айтып, Кытай бийлиги менен катар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун да айыптаган.

Кытайдын англис тилинде чыккан «Global Times» басылмасы дүйшөмбү күнү Помпеонун дооматына комментарий берген. Анда мамкатчынын колунда вирустун Ухандан чыкканын көргөзгөн эч кандай далилдери жок экени айтылат.

«Трамптын администрациясы үгүт өнөктүгүн улантууда жана пандемияга каршы аракеттерге тоскоол болууда» деп жазды гезит.

Ушул тапта дүйнө жүзүндө үч жарым миллиондон ашуун киши вирус жуктуруп алды, 248 миң адам көз жумду. Анын ичинде АКШда 68 миңден көп киши өмүр менен кош айтышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости