www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда Орусиядан келген деңиз азыктары салынган таңгактардан коронавирус табылды. Бул тууралуу Кытай бажысынын сайтында айтылат. «Орусиядан алып келинген тоңдурулган лосось балыгынын эки партиясынан эки жолу коронавирус табылганына байланыштуу бүгүнтөн тарта улуттук бажы орусиялык эки компаниянын кемелерин кабыл алууну токтотот», — деп айтылат Кытай бажысынын билдирүүсүндө.

«Эглайн Меркурий» компаниясынын жүк ташуучу унаасынан жана «Заря» ЖЧКсынын өндүрүштүк ишканасынан келген товарлардан COVID-19дун издери табылган. Ошондой эле, компаниялар РБК телеканалына Кытай бир жумалык мөөнөткө алардын продукциясын импорттоого тыюу салганын айткан.

Июль айынын аягында Кытай өкмөтү Москвадан келген авиарейс Нанкин шаарында коронавирустун жайылышын шарттаганын жарыялаган. Расмий Бээжиндин айтымында, илдеттин жайылышы Нанкин аэропортунда тазалагыч айымдардын бири учакты санитардык тазалоо учурунда эреже бузганынан улам башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости