www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россельхознадзор Кытайдан Орусияга алып бараткан колбасадан африка чочко чумасынын вирусун тапты. Аны Кытай жараны алып өтүп бараткан. Бул тууралуу РИА Новости 19-сентябрда жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Россельхознадзор кызматынын кызматкерлери “Забайкальск” өткөрмө пунктунан мындай вирусу бар колбасаны алып өтүүнү катташкан. Колбаса текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлүп, анын жыйынтыгында африка чочко чумасынын вирусунун генетикалык материалдары бар экендиги аныкталган.
Африка чочко чумасы – өзгөчө коркунучтуу оорулардын катарына кирген чочколордун жугуштуу оорусу. Адамга коркунуч келтирбейт, бирок ооруган малдарды дарылоого мүмкүн болбогондуктан, айыл-чарбасына өтө чоң зыян келтирет. Оорунун таркалуусун карантин менен гана токтотууга болот.
Булак: "NazarNews.kg"