www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай бийлиги COVID-19 инфекциясынын коркунучу тууралуу маалымат дүйнө элине өз убагында жетпеши үчүн болгон аракетин көргөн. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жекшемби күнү ABC News телеканалынын эфиринде билдирди. Мындай маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Ошондой эле, мамлекеттик катчы бул кадимки «коммунисттик дезинформация аракети» болгонун айтып, бул үчүн кытай бийлиги «жооп берерин» белгиледи.

Белгилей кетсек, Кытай коронавирус тууралуу маалыматтарды атайлып жашырганын 3-майда «Дейли Телеграф» басылмасы кабарлаган. Макалада АКШ, Улуу Британия, Канада, Австралия жана Жаңы Зеландия эксперттеринен турган Батыш атайын кызматтарынын биримдиги даярдаган баяндамага шилтеме кылынган.

«Кытайдын бийлиги башка өлкөлөр үчүн коркунуч жаралып жатканына карабастан, коронавирус тууралуу маалыматтарды жашырып, дарыгерлерди унчукпоого мажбурлаган. Мындан тышкары чет өлкөлүк адистерге биоматериалдарды берүүдөн баш тарткан. Бул материалдар алардын өз учурунда вакцина иштеп чыгуусуна мүмкүндүк бермек», — деп жазылган макалада.

Авторлордун айтымында, Кытайдын бийлиги вирустун адамдан адамга жугарын 2019-жылы декабрдын башында эле билген. Бирок бул маалыматты алар 20-январга чейин четке кагып келишкен. Макалада Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комитети 3-январда коронавирустун үлгүлөрүн жок кылуу жана жаңы инфекция тууралуу маалыматтарды жарыялоого тыюу салуу буйругун бергени белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости