www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-майда Москва районунун Александровка айылында жүк ташыган унаа менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу күбөлөр билдиришип, сүрөттөр жана видеолор тараган.

Сүрөттөн көрүнүп тургандай, жол кырсыгынын кесепетинен жеңил унаа жалпайып калган жана жабырлануучулар бар.

«Жабыркагандардын арасында төрөлгөнүнө 40 күн болгон наристе бар. Анын буту сыныптыр. Ооруканага төрт кишини алып кетишти», - деп күбөлөр билдиришкен.

Москва райондук аймактык ооруканасынын маалыматына ылайык, ооруканага аталган кырсыктан жабыркаган төрт адам келип түшкөн.

«Бир айлык наристенин буту сынган. Ал азыр жандандыруу бөлүмүндө. Калган үчөө жолдошу менен жубайы,  10 жаштагы кызы. Аларда сынык жок, жеңил жаракаттар менен түшүштү», - деп билдиришти дарыгерлер.

Чүй ОИИББдин ЖКККБнын басма сөз кызматынын билдиришкендей, бүгүн, 4-майда саат 12:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун Москва районунун Александровка айылындагы аймагында 1996-жылы туулган айдоочу Газ-53 унаасы менен чыгыштан батыш көздөй бара жатканда карама-каршы тилкеге чыгып, «Дэу-Нубира» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен Дэу-Нубиранын» 1987-жылы туулган айдоочусу жана 3 жүргүнчүсү Москва райондук аймактык ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыгы болгон жерде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат. Бардык материалдар Москва РИИБдин тергөө кызматына берилгени айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости