www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдан коронавируска каршы Sinopharm вакцинасы Кыргызстанга июль айынын ортосунда гана алып келинет. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди.

Анын айтымында, 150 миң доза вакцинаны алып келүү боюнча бардык сүйлөшүүлөр график боюнча ишке ашып, маселе чечилди.

Буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев препараттар өткөн аптанын аягында Кыргызстанга жеткирилерин айткан эле.

Эске салсак, март айында Кыргызстанга биринчи партия менен 150 миң доза Sinopharm гуманитардык жардам катары келип түшкөн. Майдын ортосунда Кытай анын экинчи партиясын жана дагы 150 миңди акысыз берери белгилүү болгон. Бирок министр акчанын жоктугунан бекер берилген препаратты алып келе албай жаткандыгын айткан эле. Ал эми майдын аягында бул маселенин чечилгени кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости