www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таламандын тал түшүндө Текебаевге чүйлүк жигит кол салып телефонун тартып кетиптир. Андан да оозун канжалата койгонун карасаң. Деги жүрөгү тоо жигит экен, же Текебаевди «темселетип» атак алайын дегениби? Бул ирет парламенттик шайлоодон өтпөй калып Текебаев Али Токтакунов менен катуу кыжырланып жатышса, анын телефонун тартып алганы эмнеси? Текебаев тууралуу бир ооз айта кетели.

1990-жылы СССР гүлдөп пахтага мектеп окуучуларын мажбурлап чыгарып жатканда, Базар-Коргондук физик мугалим Текебаев кайра куруу шарапатына таянып бийликке каршы чыгат. Ошонун айынан эл колдоосуна ээ болуп Кыргыз ССР Жогорку Советинин 12 чакырылышына депутат болуп келет. Бул парламент кийин легендарлуу парламент деген наам алган. Легендарлуу парламентте 350 депутат болгон. Легендарлуу парламент атка конгон эгемендүүлүктүн шарданы менен, ооздогу «скочту» сыйырып, ойго келгенди оттогон биринчи парламент ушул болду. Ал мезгилде ар бир чоң колхоздон бирден депутат шайлана турган. Ар бир райондон он-жыйырма депутат. Бары тең эле дудук болгондой унчугушпай колун көтөрүп берип коюшуп кете беришчү. 1989-жылы Москвада кызык башталды. СССР Жогорку Советинин депутаттары СССРдин Президенти Горбачевду коколой баштады. Борбордук Азиядан барган депутаттар койдон жоош болуп отуруп беришти. Ошол мезгилде бизде президент шайланып, андан соң заман өзгөрүлүп, Кыргызстандын көктөн тилегени жерден табылып эгемендүүлүк алаар менен, биздин депутаттарга да тил бүтө баштады. «Сыныктан башкасы жугуштуу»-дегендей, Москваны туурап, биздин парламент Москванын «ксерокопиясына» айланды да, кыргыз Сахаров, Собчактар пайда боло баштады. Ошол мезгилде 500 гектар жерди менчиктештирип ала койгон, тилинен чаң чыккан Шеримкулов спикер эле. Ал өтө куулук менен бийлигин бекемдегиси келип, премьер-министр Исановго куда түшүп, ачуу басарын, калыңын берип кызын алат. Ошол мезгилде эле Шеримкулов кыргыздар бай-кедейге бөлүнсүн, кедей кедейдин кызын, бай байдын кызын алсын деген жазылбаган мыйзамды түптөп кеткен. Компартиянын күүсү менен 1990-жылга чейин жашадык. 1990-жылдан «итибиз чөп жебей», мурдубуздан суу шорголоп, жакырчылыктын сазына белибизден тыгылып, мамлекетибиз инфляция, коррупция, карыз сурамай деген дартка чалынды. Мына 20 жылдан бери ошол дарттан кутула албай, бийлик эл алдында куу тумшукка айланды. Улам бирин тумшугун талкалап кууп чыгат, анын ордун ээлегени анын эски дартын жугузуп алат. Легендарлуу парламент Кыргыз мамлекетинин Башмыйзамын, гимнин, туусун,гербин, улуттук валютасын кабыл алып, алтындын чыры менен тамам болду.

Алтын чырына байланыштуу 1994-жылдын аягында легендарлуу парламент таратылат. 1993-жылда кабыл алынган Конституция боюнча эки палатадан түзүлгөн 1-чакырылыштагы парламент 1995-жылы ишин баштап, 2000-жылы тамам болот. Акаевдик «жут» бийликтин жуда гүлдөп жаткан учуру. Айыл элин баккан колхоз-совхоз, завод-фабрикалар таланып-тонолуп эл жакырчылыктын кырына жеткени менен, Акаев үчүнчү мөөнөткө президент болуп шайланат.1995-жылы 5-февралда Эл өкүлдөр жыйынына 70, мыйзам чыгаруу жыйынына 35 депутат шайлоо округдарынан шайланып келип, өкмөттөрдү чайнап-жей баштайт: Апас Жумагулов, Борис Силаев, Алмамбет Матубраимов, Кубанычбек Жумалиев, Жумабек Ибраимов, Амангелди Муралиев .

1999 жылы Үзөңгү-Кууш боюнча келишимге Акаев кол койгон. Цзян Цзэминге махабатын арнаган президент Аскар Акаев бийлик жүргүзүп жатканда 1996-жылы 4-июлунда Кытай-Кыргыз келишиминин негизинде Жаңы-Жер, Боз-Айгыр-Кожент, Хан-Теңир мөңгүсүнөн, Эңилчектен 35 миң 87 гектар, ага кошумча 1999-жылдын 26-августунда Үзөңгү-Кууштан бардыгы 87 миң 200 гектар жер кеткен. Акаев сыяктуулар 1934 төн ашуун Ватикан сыяктуу мамлекеттер бата турган Үзөңгү-Куушта 877,12 кв/км жер, 87 миң 712 гектар жерди берип жиберишкен. Соолуктап ыйлап 877,12 кв.км жер сыртка кеткен. Дүйнөдө б5 мамлекеттин ичинде бул жерлер 15 орунду ээлеп, биздин башка мамлекетке кеткен аянттарыбыз 50 мамлекеттин аятынан чоң экен. Бул жерге 1934төн ашуун Ватикан мамлекети, 438тен ашуун Монако мамлекети, 125тен көп Гибралтар мамлекети, 87ден ашуун Токелау мамлекети батып кетмек. Дүйнөдө 50 мамлекеттен жогору эсептелген Доминика менен Кирибати бул аянтка ойноп сыймак. Акчанын кудайы эсептелген 5 Лихтейнштейн батат эле, чындыгы Люксембург биз берген аянттан чоңдук кылат экен, анын аянты 2598 кв.км биз берген жер 877. 12 кв. км болсо калганын эл эсептеп алар.

2-чакырылыштагы парламент 2000-2005-жыл. Биттин сиркесиндей болушуп, спикерлер да, депутаттар да жер жайнап 350+105+105 бардыгы 560 экен. Алардын арасынан «Токту сурамай» оюнундагыдай: «Былк,былк, былк семиз»-деп, былкылдаган «семиздерин» тандап жазбаса барак түтчүдөй эмес. Экинчи чакырылыштагы акаевдик парламент 2000-жылы 20-февралда шайланып келип, 2004-жылдын аягында тараган. Үзөңгү -Кууш Кытайга сатылып Эл өкүлдөр жыйынынан Болот Шерниязовдор гана каршы чыгат. Аксыда 2002-жылдын 17-мартында «Тайфун» операциясы ишке ашып, акаевдик бийлик элге ок аты, Бакиевдик өкмөт отставкага кетет.Андан кийин келген Танаевдик өкмөт Акаев менен кошо жоголот. Текебаев мыйзам боюнча «Акаевдик жандармерияга» кворум түзүп берип, Үзөңгү –Кууштун Кытайга кетишине чоң салым кошуп берген. 2002 жылы жерди берүү парламентке добушка коюлган. Оппозиция кворум бузууга аракет кылышкан. Конституцияга ылайык парламенттеги 60 депутаттан 40 депутат жыйындар залында болбосо, кворум жок деп саналып, маселе добушка коюу мүмкүн эмес эле.

Бул күнү 57 депутат бар болгон. 18 депутат чыгып кетсе кворум бузулмак. Добушка коюлмак эмес. Микрофондор өчүрүлүп, сөз бербей койгондо, оппозиция калган депутаттарды чыгып кетүүгө үндөп чыгышкан. Тилекке каршы 16 гана депутат чыгып кетишкен. Жыйындар залында 41 депутат калып кворум камсыз болуп калган. 36 макул добуш берип, 2 каршы, 2 калыс, 1 добуш бербей койгон. Дагы 2 депутат тайманбай чыгып кетсе, жерибиз Кытайга кетмек эмес!

Оппозиция Конститутциялык сотко арыз жазып парламенттин чечимин жокко чыгарууга аракет кылышкан. Митингдерди уюштурушуп, президентке импичмент маселесин көтөрүшкөн. Массалык маалымат каражаттары толук бийликтин көзөмөлүндө болгондуктан, оппозиция эл менен жолугушууларды уюштуруп, Үзөңгү - Кууш маселесин элге жеткирүүгө аракет кылышкан. Көпчүлүк жерде оппозицияны эл кабыл албай, бузукулар деп кууган учурлар болгон. Саясий элита Акаевдин жактоочуларына жана импичмент (президентти кызматтан четтетип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу) маселесин жактоочуларга бөлүнүп калган. Бекназаровго иш козголуп, камакка алынган. Митингдер басылбай Аксы окуясы болгон. Митингге чыккан 6 адам атып өлтүрүлүп, 70 тен ашыгы жаракат алышкан. Ошентип 90 миң гектар жер Кытайга кеткен.

Макул деп добуш бергендер : Т.А. Абдрасулова, К. А. Алымкулов, Т.Б. Балтабаев, К.К. Байболов, Т.Ж. Боромбаева, Б.Х. Гогаев, К.Н. Жолдошев, А.У. Жапаров, Б.Ж. Жураев, Б.А. Иманкулов, А.В. Карпасов, К.Ж. Карабеков, Ж.К. Каниметов, Л.Н. Комиссарова, А.Т. Керимкулов, М.М. Кучуков, З.К. Курманов, Х.З. Коркмазов, А.Ю. Лобода, А.У. Мамбеталиева, И.К. Молдоташев, К.Э. Осмонов, М.У. Субанов, А.А. Султанов, Т.А. Сариев, Т.Д. Сарпашев, А. Раимкулов, И.Н.Токоев, В.Г. Толоконцев, Т.У. Усубалиев, Б.Ж. Кудайбергенов, Т.У. Чекиев, С. Чырмашев, А.А. Шадиев, З.Э. Шарапов, А.Э. Эркинбаев.

Каршы, калыстар: Текебаев – каршы, А. Таштанбеков – каршы, Б.Алымбеков – калыс, М. Султанов – калыс, О. Малеваная - добуш берген эмес

Кворум бузуу үчүн чыгып кеткендер: А. Абдымомунов, Б. Акунов, Б. Асанов, Н. Байло, Т. Бакир уулу, Б. Бекбоев, А. Бекназаров, Э. Булекбаев, Э. Дуйшеев, И. Исаков, И. Кадырбеков, А. Мадумаров, А. Масалиев, А. Проненко, Д. Садырбаев, Д. Чотонов.

Эл өкүлдөр палатасы да "кыргыз-кытай чек ара келишимин" колдоп берген. Бирок бул маселени колдоп бергендердин аты-жөнү бүгүнкү күнгө чейин жабык маалымат. Ал ачылса дагы көптөгөн саясатчылардын анык жүзү ачылмак!

3 чакырылыштагы кошелектуу-базарком парламент 2005-2007-жылдар. Бул чакырылыштагы парламент чуу менен башталып, Акаевдик бийликти жыгып келди. 2005-жылы президенттик шайлоо болуп, тандем менен Бакиев президент, Кулов өкмөт башына келет. 2006-жылы жазында спикер Өмүрбек Текебаев спикерден кетип парламенттин бир топ депутаттары менен оппозицияга өтүп, Атамбаев менен биригип «Реформа үчүн» кыймылын түзөт. Спикерликке Марат Султанов келет. 2006-жылдын апрель-май айы митингдер менен өтөт. 2006-жылдын күзүндө үлкөн митингдер менен оппозициянын Башмыйзамы кабыл алынат. 2006-жылдын аягында бийлик өз Башмыйзамын парламенттен өткөзүп, 2007-жылдын башында Куловдун өкмөтү отставкага кетет. Өкмөт башына Азимбек Исабеков келет. Бирок, анын өкмөтү узакка созулбайт. Куловдун бийликке каршы түзгөн «Бириккен, фронтунан» улам Атамбаевди өкмөт башына алып келет. 2007-жылы апрелде оппозицияга оор сокку урулат, күзүндө жаңы Башмыйзам кабыл алынып, 3- чакырылыштагы парламент «харакири» жасап тарайт.

4 чакырылыштагы аскердик-регламенттик парламент, 2007-2010-жылдар. «Ак-Жол» 90 депутаттын ичинде 71 орунду «оптом» ээлеп, үркөрдөй болуп КСДП, ККП жүрүштү. «Текебаевдин «Ата-Мекени» парламентке өтпөй калып Жекшенкулов менен коомдук парламент түзүшкөн. Парламент бир добуштан А.Мадумаровду спикерликке дайындап ал аскердик-регламент киргизип, жаңы келген депутаттарды нөлөбөй класстын окуучуларындай бекем тартипте кармап, Каркыраны казакка салып беришти. Каркыраны кармата койгон соң Мадумаров тоңкосунан кетип, ордуна 2008-жылдын майында «Итибай-Чотубай» депутаттын бири Айтибай Тагаев келет. «Тоо сатар» Тагаев ар кимге мурдунан жетелетип, ЖКны «оптом» сатып ийерде, КСДП менен ККПны токолдун балдарына теңеп,өзүн байбиченин баласы катары сезген Зайнидин Курманов 2009-жылдын аягында спикер болот. 2001-жылдын 15-декабрындагы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында Кара-Буура районунун Көк-Сай аймагы, Маймак карьерасы, Токмоктун чеке белиндеги Бишкек-Торугарт трассасындагы Ысык-Ата районунун 12 гектарлуу Дружба аймагы, Каркыра жайлоосунун 500 гектар жайытын казакка берүү жөнүндө келишим түзүлүп, чек ара маселеси чечилген. Балким бул ошол кезде Нурсултан Назарбаевдин кызын уулуна алып берген Акаевдин калыңы чыгар. Мындай жерди беришке калк нааразы болуп чыккан. Ошондон улам бул жерлер Акаевдин заманында ратификациядан өтпөй, 2008-жылдын апрелинде ратификацияланган. Апрель революциясынан соң бул парламенттин иши бүтөт.

5 чакырылыштагы парламент, 2010-2015 жылы. 10.10.10-жылы ыңалап ыйлап бул дүйнөгө 120 депутат жарыкка келди. КСДП, «Ата-Мекен», «Республика» менен биригип коалиция түзүү тилеги кабыл болгон жок. «Республика» партиясы КСДП, «Ата-Журт» партиялары менен коалиция түзүштү. Парламент спикерлигине «Ата-Журт» партиясынан Ахматбек Келдибеков, өкмөт башчылыгына А.Атамбаев шайланды. 2011-жылы Атамбаев президент болуп шайланып, президенттик шайлоонун жыйынтыгы менен КСДП фракциясы «Республика», «Ар-Намыс», «Ата-Мекен» партиялары менен жаңы коалиция түзүп, спикерликке КСДПдан Асылбек Жээнбеков келди. 2012-жылдын сентябрында КСДП кайрадан «Ата-Мекен», «Ар-Намыс» партиялары менен жаңы коалиция түзүп, Бабановдук өкмөт отставкага кетип, КСДПнын көрсөтмөсү боюнча «Бакубат Кыргызстан» партиясынын лидери Ж.Сатыбалдиев өкмөт башына келди.Андан соң Жоомарт Оторбаев,Темир Сариевдер премьер болушту.

«Ата-Мекен» партиясы даңазалана турган жагдай 2010-жылы бийликти алган соң «ата-мекенчи» Райкан Төлөгөнов баш, Туратбек Мадылбеков төш болуп мародерчулук кылышкан. Атамбаев «свежий» президент кезинде өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов, Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев аркылуу мародерчу каракчыларга каршы күрөшкөн. 2010-жылдын 7-апрелинде бийликке Убактылуу Өкмөт келишип Бишкек, Кыргызстан баш аламандыкка айланат. «Ата-Мекен» партиясынан Райкан Төлөгөнов сыяктуу тойбос мародерчулар кымбат баалуу буюмдарды мындай койолу, кийим кечеге чейин кол салышып, машиналап ташып кеткени боюнча, тартып алган видео менен далилдеп беришкен. Мародерчулук боюнча дүйнөлүк рекорд коюшкан «Ата-Мекен» партиясынан Райкан Төлөгөнов менен Бишкектин милициясын тейлеген Туратбек Мадылбековдун атагы алыска чыккан. Бул «мекенчил» «патриоттор» Мекенибиздеги стабилдүүлүк үчүн күрөшпөй ушундай оор кырдаалдарда башаламандыктан пайдаланып Бишкекти тоноого өтөт. Кыргыз Республикасынын Кылмыш –Жаза Кодексинде мародерчуларга кандай айып коюларын ким билет, Кытайда мародерчуларды чекеге атып салат. Мародерчулукка каршы бийликтин бир этапта күрөшкөнүнүн пайдасы тийдиби же Райкан Төлөгөнов мародерчулук кылгандан коркуп калдыбы 2020-жылы октябрдагы башаламандыкта мародерчулук болгон жок. Экс-президент Атамбаевдин алты жыл бийлиги учурда Кытайга карыз көбөйүп ич жылытарлык иш бүтүрбөсө да, мародерчуларга каршы күрөшү, президенттик шайлоо учурунда пиар болсо да, элдин мүдөөсүндөгү ой болгон.

6 чакырылыштагы "чимкирик" парламент, 2015-2021 –жылдар. Бул парламентке 6 партия өтүп келип, 6 фракция түзүлдү, калганын ыйлап жаткан баладан өйдө билер. Өкмөт башчылары: Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Сапар Исаков, Мухаммедкалый Абулгазиев, Кубат Боронов, Садыр Жапаров, Улукбек Марипов, Акылбек Жапаровдор болушту. 2015-жылы парламенттик шайлоого аттанганда, трибунага чыгып алып “Кумтөрдү” улутташтырышыбыз керек” деп бакырып жаткан да Текебаев болгон. 2012-жылы Кумтөр маселесин 4 ай изилденип, көтөрүлүп чыккан. Муну алып чыккандар парламентке токтомдун долбоорун алып чыгышкан. Ошондо добуш берер күнү Текебаев бүт командасы менен добуш бербей чыгып кетип калган. Залда 4 эле депутаты калып добуш берген. Анын экөөсү комиссияда иштеген болчу, алардын добуш бербеске айласы жок болчу. Эгер Текебаев колдоп койгондо бул токтом өтүп кетмек. Андан кийин 2015-жылы парламенттик шайлоого аттанганда, трибунага чыгып алып “Кумтөрдү” улутташтырышыбыз керек” деп бакырып жүрдү. Үч жыл мурун эмнеге добуш бербей койду анда? Бул деген арам ойлуу саясат...

«Атка минсе кишидей, аттан түшсө желмогуздун тишиндей» дегендей, кызматы жок болсо кишидей, мансап алышса эле Тилек Токтогазиевке окшоп желмогуздун тишиндей болгон, отуз жылдан бери кыргыз элин эрмектеп, канын кактабай соруп, кайсы жерде башаламандык болсо, ошол жерде пайда болуп келаткан «Ата-Мекен» деген партия жүрөт. Мунун башында Текебаев, Шерниязовдор турчу. Болот байке акты карап, иниси Садык Шер-Нияз Францияга элчи болгон. Текебаевдин таянганы Шыкмаматов кол шилтеп министр болуп,андан «Ынтымакка» кетти, Салянова оозун бекем жапты. Кой-Таш (КНР) учурунда Текебаевди каматкан Атамбаевке боору менен жылып барган элчи Кылыч Султанов да «Ата-Мекендин» каймагын калпып жегендерден. «Уккан кулакта жазык жок» экс-элчи Чыңгыз Айтматовдун «Ата-Мекенчи» кызы Ширин Айтматова, туризм магнаты Турусбек Мамашевдин «Ата-Мекенчи» кызы да «Ата-Мекендин» боюкосун жегендер. 2020 - жылы күзүндө «Ата-Мекен» партиясы менен парламенттик жарышка чыккандар Жанар Акаев, Элвира Сурабалдиева, Рыскелди Момбеков,Тилек Токтогазиевдер кантип кантип күн көрөт? «Эти журналист, сөөгү милиционер» Рыскелди Момбеков менен олигархтын кызы Элвира Сурабалдиева тууралуу былтыр кызык кеп тараган. Рыскелди Момбеков менен «бир партада чогуу отурган» журналист, ошондуктан анын «бабник» эмес экенин билем. Ушул сөз үй-бүлөсүнө чейин жетип, Рыскемдин айдай сулуу жары маалымат беттерине «Кызым атасын Сурабалиевадан кызганат» деген жалаяктай макала жарыкка чыгарган.

7 чакырылыштагы парламентке Текебаевдин «Ата-Мекен» партиясынын добушу жетпей калды. Азыркы бийликти буйдалтып, бийликти жардан ары түртүү үчүн «Ата Мекендин» лидери тынбай иштемек, бирок эми аны эл парламентке шайлабай, таламандын тал түшүндө чүйлүк жигиттерге «жем» болуп жатса эмне кылалы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости