www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Түшпөс хан» Шайлдабекова башында турган БШК 15-декабрда Жанар Акаевди мурунтуктап ордуна Оргалчаны депутат кылган. Мандат албай калган Акаев сотко кайрылган, сот анын талабын 21-декабрда канааттандырды. Эми эмне болот? Мыйзам боюнча башка улуттун өкүлү депутат болгонго тыюу салынбайт. Бирок Кытайдан келген башка улуттун өкүлү депутат болсо өөн учурайт. Себеби, Оргалча уйгур, кытай, шпион дегендер чыгышты. Буга жооп кылып Оргалча таятасы көлдүн Талды-Суусунан экени айтылып чыкты. Ошондуктан көлдүк мамлекеттик башчысына жакны деп да чыгышты. Барынан кызыгы еврейлер эне жагынан уруу сүрүштүрүп келишет. Орголчанын эне тарабы кыргыз экенин өзү жазды,ал эми ата-теги ким, ал тууралуу кеп да кылган жок. Эмне үчүн ата-тегин жазбайт? Шайлоодогу акыркы окуяларга байланыштуу Садыр Жапаров четте карап тура бербей, өзүнүн ой-пикири менен жеке баракчасы аркылуу бөлүшкөн:

“Ар кандай саясий маселелерге байланыштуу ушак сөздөргө көңүл бурбай, жооп бербей эле коеюн дедим эле. Бирок айрым учурларда жооп бербесең, калктын калың катмары мындай чындыкка коошпогон кептерден күмөн санап, айрымдары болсо ишенип алышат экен.

Айлана-чөйрөмдөгүлөр “жооп бербей эле коюңуз, буларга жооп бериш сиздин деңгээл эмес” деп чыгышат. Мен жалпы элге мурдагылардын катасын кайталабайм деп сөз бергем. Мурдагылар айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн сөздөрүнө кирип жүрүшүп, «чын эле менин деңгээлим эмес» деп, коомчулукта чуу жараткан маселелерге жооп да бербей, түшүндүрмө да бербей келишип, акыры калктын калың катмарынын нааразычылыгына кабылышты. Жыйынтыгында үч жолу ыңкылап болду. Эми кечээги Жанар Акаевге байланыштуу маселе боюнча. Жанар иним, өзүңдүн ичиң толо арам болсо эле мени да өзүңдөй ойлобо.

Тескерисинче, БШКнын төрайымы Н. Шайлдабековага кимдир бирөөлөр барып, “президент менен макулдаштык, Жанар Акаевди колдоп койсун деди”, – дешиптир. Мен Н. Шайлдабековага “бир гана мыйзам талабы жана адилеттүүлүк менен чечкиле, эч ким силердин ишиңерге кийлигишпесин”, – дедим. Ким барганын, атын да сураганым жок. Аны БШК төрайымы өзү айтсын. Биз шайлоо башталгандан бүгүнкү күнгө чейин БШКнын бир дагы ишине кийлигишпедик. Мыйзамсыз чечим чыгарышса, өздөрү керт баштары менен жооп беришет. Башынан эле ушундай талап коюп келе жатам. Ал эми Токтобүбү Оргалча боюнча. Ушундай талапкер бар экенин ушул тема чыкканы билдик. Тотобүбү айымды Айгүл Жапаровна эмес, атасы да тааныбайт. Мурда «Эл Үмүтү» партиясына чаптап жүрдүңөр эле, эми «Альянс» партиясына чаптайсыңарбы? «Альянс» партиясы өздөрүн оппозициялык партиябыз деп жүрүшпөйбү? Айгүл Жапаровна депутаттын тагдырын чечмек турсун, бир уборщицаны да кызматка койгон жок жана койбойт дагы. Анын бир эле иши бар – жетим- жесирлерге жардам берүү. Мындан ары ушундай ушактардан алыс болушуңуздарды суранамын. Эң кызыгы бир ай бою жетелешип алып, эл кыдырып, бири-бириңерди оозуңар талганча мактап жүрүп, анан эми бүгүн кайра “шпион, уйгур, четтен келген” деп жамандап калганыңар Кудайга да жакпайт. Ал эми аялдардын квоталары боюнча. Баарыңар эсеп-чотту жакшы билесиңер. Комиссия түзүп барып БШК менен биргеликте санап чыккыла. Мыйзам боюнча 30 пайыздан кем эмес аял болуш керек деп турат. Эгер 30 пайыздан ашып кетип, анан эле БШК Жанардын мандатын тартып алып, туура эмес чечим чыгарып жаткан болсо, анда иш козгоп, жоопко тарталы!”, – деп жазды президент

Кытайлык Оргалчанын Жанар Акаевдин ордуна депутат болушу чоң ызы-чууну жаратты. «Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат» мамлекет башчысы алмашкан соң Конституция да, Шайлоо кодекси да өзгөрүлгөн. Жаңы шайлоо кодекси боюнча гендердик саясатты туура колдонуп, аялзатына жол ачыш үчүн эркектердин жолу буулуп 4957 добуш топтогон Жанар Акаевдин ордуна 1286 добуш алган Кытайдан келген Токтобүбү Оргалча парламентке келе турган болгон. Бул тууралуу Шайлдабекованын көрсөтмөсү менен БШК мүчөсү Жылкыбаев жылмалап түшүндүрдү. Жанар Акаев учурунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин пресс-катчысы болгон. Атакесинин көңүлүнө төп болгон соң аны СДПК партиясы менен 2015-жылы парламентке депутат кылган. Арийне, депутат болор менен аны жетелеп келген Атамбаевге каршы чыгып экс-президенттик статусун алууга чоң салым кошкон. 2020-жылы ал Текебаевдин «Ата-Мекен» партиясына кирип шайлоодон өтпөй калган. 2021-жылы Атамбаев «Социал-демократтар» партиясына чакырып, бирок «Альянс» партиясы менен шайлоого аттанган. Бир кезде Атамбаевди каматууга өбөлгө болсо, эми Атамбаев бошонсун деп жулунуп турат. Бул шайлоодо анын ордуна кытайлык улутташыбыз Оргалча келе турган болуп, анын келишине канайым Айгүл Жапарованын тиешеси бар деп чыгышкан. Мамлекет башчысынын пресс-катчысы Эрбол Султанбаевдин билдирүүсүнө караганда, биринчи леди Айгүл Жапарованын Оргалча менен эч тиешеси жок, ал эмес аны тааныбайт деп билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости