www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат» мамлекет башчысы алмашкан соң Конституция да, Шайлоо кодекси да өзгөрүлгөн. Жаңы шайлоо кодекси боюнча гендердик саясатты туура колдонуп, аялзатына жол ачыш үчүн эркектердин жолу буулуп 4957 добуш топтогон Жанар Акаевдин ордуна 1286 добуш алган Кытайдан келген Токтобүбү Оргалча парламентке келе турган болгон. Бул тууралуу Шайлдабекованын көрсөтмөсү менен БШК мүчөсү Жылкыбаев жылмалап түшүндүрдү. Жанар Акаев учурунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин пресс-катчысы болгон. Атакесинин көңүлүнө төп болгон соң аны СДПК партиясы менен 2015-жылы парламентке депутат кылган. Арийне, депутат болор менен аны жетелеп келген Атамбаевге каршы чыгып экс-президенттик статусун алууга чоң салым кошкон. 2020-жылы ал Текебаевдин «Ата-Мекен» партиясына кирип шайлоодон өтпөй калган. 2021-жылы Атамбаев «Социал-демократтар» партиясына чакырып, бирок «Альянс» партиясы менен шайлоого аттанган. Бир кезде Атамбаевди каматууга өбөлгө болсо, эми Атамбаев бошонсун деп жулунуп турат. Бул шайлоодо анын ордуна кытайлык улутташыбыз Оргалча келе турган болуп, анын келишине канайым Айгүл Жапарованын тиешеси бар деп чыгышкан. Мамлекет башчысынын пресс-катчысы Эрбол Султанбаевдин билдирүүсүнө караганда, биринчи леди Айгүл Жапарованын Оргалча менен эч тиешеси жок, ал эмес аны тааныбайт деп билдирди. Оргалчанын келиши менен Жогорку Кеңештин депутатарынын тизмеси өзгөрүлөт:
1. Адахан Мадумаров («Бүтүн Кыргызстан») — 24 433 добуш алды
2. Айбек Алтынбеков (Базар-Коргон округу №15) — 23 779 добуш алды
3. Искендер Матраимов (Кара-Суу округу №9) — 22 480 добуш алды
4. Улан Примов (Алай округу №11) — 21 938 добуш алды
5. Элмурза Сатыбалдиев (Өзгөн округу №12) — 21 миң 933 добуш алды
6. Айбек Осмонов (Ош округу №7) — 21 миң 348 добуш алды
7. Шаирбек Ташиев (Жалал-Абад округу №14) — 21 миң 287 добуш алды
8. Бактыбек Сыдыков (Ноокен округу №16) — 20 миң 639 добуш алды
9. Улан Бакасов (Нарын округу №33) — 19 миң 978 добуш алды
10. Эрулан Көкүлов («Ынтымак») — 18 миң 778 добуш алды
11. Нурбек Алимбеков (Төлөйкан округу №8) — 18 миң 882 добуш алды
12. Бакыт Төрөбаев («Ата-Журт Кыргызстан») — 18 миң 360 добуш алды
13. Дастан Бекешев (Октябрь округу №28) — 17 миң 474 добуш алды
14. Акылбек Түмөнбаев (Ак-Суу округу №35) — 16 миң 672 добуш алды
15. Фархат Исмаилов («Ата-Журт Кыргызстан») — 16 миң 526 добуш алды
16. Нуржигит Кадырбеков («Ыйман Нуру») — 15 миң 45 добуш алды
17. Жалолидин Нурбаев (Араван округу №6) — 14 миң 913 добуш алды
18. Жусупбек Коргонбай уулу (Ноокат округу №5) — 13 миң 323 добуш алды
19. Дастанбек Жумабеков (Манас округу №20) — 13 миң 252 добуш алды
20. Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан») — 12 миң 275 добуш алды
21. Нурланбек Шакиев (Аксы округу №17) — 12 миң 82 добуш алды
22. Таалайбек Сарыбашов («Ата-Журт Кыргызстан») — 11 миң 986 добуш алды
23. Тазабек Икрамов (Сузак округу №13) — 11 миң 912 добуш алды
24. Жаныбек Абиров (Ленин округу №26) — 11 миң 827 добуш алды
25. Өмүрбек Бакиров (Көк-Жар округу №4) — 11 миң 411 добуш алды
26. Медербек Алиев («Ишеним») — 11 миң 407 добуш алды
27. Азизбек Турсунбаев (Ала-Бука округу №18) — 11 миң 279 добуш алды
28. Султанбай Айжигитов («Ыйман Нуру») — 10 миң 953 добуш алды
29. Чынгыз Ажибаев (Лейлек округ №1) — 10 миң 971 добуш алды
30. Эмилбек Жусупов («Ишеним») — 10 миң 802 добуш алды
31. Айбек Маткеримов («Ата-Журт Кыргызстан») — 10 миң 456 добуш алды
32. Бактыбек Чойбеков (Талас округу №21) — 10 миң 378 добуш алды
33. Медербек Саккараев (Чүй-Кемин округу №31) — 10 миң 152 добуш алды
34. Данияр Төлөнов (Куршаб округу №10) — 9 887 добуш алды
35. Жеңишбек Токторбаев («Ата-Журт Кыргызстан») — 9 487 добуш алды
36. Мирлан Самыйкожо (Кочкор округу №32) — 9 419 добуш алды
37. Шарапаткан Мажитова («Ынтымак») — 9 205 добуш алды
38. Нурланбек Азыгалиев (Жайыл округу №22) — 8 932 добуш алды
39. Элдар Сулайманов («Ата-Журт Кыргызстан») — 8 389 добуш алды
40. Равшанбек Сабиров («Ата-Журт Кыргызстан») — 8 216 добуш алды
41. Жылдыз Таалайбек кызы («Ишеним») — 8 120 добуш алды
42. Талант Мамытов («Ынтымак») — 8 047 добуш алды
43. Сеид Атамбаев (Аламедин округ №25) — 7 976 добуш алды
44. Жылдыз Садырбаева («Ата-Журт Кыргызстан») — 7 949 добуш алды
45. Сүйүнбек Өмүрзаков («Ишеним») — 7 781 добуш алды
46. Чынгыз Айдарбеков («Альянс») — 7 534 добуш алды
47. Алишер Козуев («Ата-Журт Кыргызстан») — 7 464 добуш алды
48. Кундузбек Сулайманов (Токтогул округу №19) — 7 402 добуш алды
49. Арстанбек Малиев (Жети-Өгүз округу №34) — 7 337 добуш алды
50. Алтынбек Сулайманов («Альянс») — 7 304 добуш алды
51. Улугбек Ормонов («Ишеним») — 7037 добуш алды
52. Нурбек Сыдыгалиев («Ишеним») — 6 665 добуш алды
53. Жаныбек Кыдыкбаев («Ата-Журт Кыргызстан») — 6 644 добуш алды
54. Нурлан Ражабалиев (Баткен округу №2) — 6 556 добуш алды
55. Марат Мураталиев («Ишеним») — 6423 добуш алды
56. Азамат Исираилов («Альянс») — 6 348 добуш алды
57. Бахридин Шабазов («Ишеним») — 6 313 добуш алды
58. Ырысбек Атажанов (Кадамжай округу №3) — 6 047 добуш алды
59. Максатбек Сарбагышев (Ысык-Көл округу №36) — 5 986 добуш алды
60. Мурадил Сыдыков («Ынтымак») — 5 912 добуш алды
61. Фарходбек Алимжанов («Альянс») — 5 792 добуш алды
62. Бакыт Тентишев («Ынтымак») — 5757 добуш алды
63. Карим Ханджеза (Москва округу №23) — 5 418 добуш алды
64. Аманкан Кенжебаев (Сокулук округу №24) — 5 185 добуш алды
65. Таалайбек Масабиров («Ата-Журт Кыргызстан») — 4989 добуш алды
66. Акбөкөн Таштанбеков (Ысык-Ата округу №30) — 4 830 добуш алды
67. Марлен Маматалиев («Ынтымак») — 4 757 добуш алды
68. Балбак Түлөбаев («Ынтымак») — 4 332 добуш алды
69. Русланбек Жакышов («Ишеним») — 4 157 добуш алды
70. Жамила Исаева («Ата-Журт Кыргызстан») — 4 128 добуш алды
71. Замирбек Мамасадыков («Ыйман Нуру») — 4 073 добуш алды
72. Аида Исатбек кызы («Ынтымак») — 3 979 добуш алды
73. Надира Нарматова («Ата-Журт Кыргызстан») — 3066 добуш алды
74. Эмил Токтошев («Бүтүн Кыргызстан») — 2 997 добуш алды
75. Миргул Темирбаева («Ишеним») — 2 689 добуш алды
76. Лейла Лурова («Ынтымак») — 2 610 добуш алды
77. Айсара Абдибаева («Ишеним») — 2 351 добуш алды
78. Камила Талиева («Ата-Журт Кыргызстан») — 2 341 добуш алды
79. Чолпон Султанбекова («Ишеним») — 2 328 добуш алды
80. Гулшаркан Култаева («Ата-Журт Кыргызстан») — 2 168 добуш алды
81. Гулкан Молдобекова («Альянс») — 2 164 добуш алды
82. Алишер Эрбаев («Бүтүн Кыргызстан») — 2 131 добуш алды
83. Нилуфар Алимжанова («Альянс») — 1 318 добуш алды
84. Токтобүбү Оргалча («Альянс») - 1286 добуш алды
85. Орозайым Нарматова («Бүтүн Кыргызстан») — 1 047 добуш алды
86. Динара Ашимова («Ыйман Нуру») — 812 добуш алды
87. Гуля Кожокулова («Бүтүн Кыргызстан») — 589 добуш алды
88. Винера Раимбачаева («Ыйман Нуру») — 428 добуш алды
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg