www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-апрелде Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында «Жарнама жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Марлен Маматалиев белгилегендей, бул мыйзам долбоору жеке пайда кɵрүү максатында тигил же бул көйгөйлөрдү чечүүнү сунуш кылган кандайдыр бир магиялык же башка ишенимсиз ыкмалар боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндөгү жарнамалар аркылуу жарандардын башын айландырууну жокко чыгаруу максатында иштелип чыкты.

«Турмуштук татаал кырдаалда турган жарандарыбыз көп учурда экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандарга кайрылат, мындай кырдаалда алдамчыларга кайрылган жарандар гана жапа чегүүдө. Өлкөбүздө экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандардын кайырмагына түшкөн жарандарыбыздын саны аз эмес», - деди депутат.

«Жарнама жөнүндө» мыйзамдын 16-беренесине ылайык, анык эмес, этикага жат, көз көрүнөө жалган жарнамалар КР Укук бузуулар кодекси боюнча жоопкерчиликке алып келет. Бирок учурдагы мыйзамда дал ошол окульттук жана магиялык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө бөлүк жазылган эмес. Сунушталган мыйзам долбоору алдамчылык аракеттерди маалыматтык мейкиндикте жарнамалоого тыюу салууга мүмкүндүк берет.

 

Последние новости