www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кайсы гана дары болбосун, адам ага жедеп көнүп, көз каранды болуп калышы ыктымал. Бирок кайсыларына киши бат көнөрүн Пирогов атындагы Россия медициналык илим изилдөө университетинин илимий кызматкери, фармацевт Владимир Роговский "Прайм" агенттигине айтып берди.
Адистин пикиринде, кан тамырларды кеңейтчү, ооруну басаңдатчу, уйку келтирчү жана кан басымын түшүрчү препараттар көз карандылыкка кептейт.
"Көз карандылыктын эки түрү бар, психологиялык жана организмдин көнүп калышы. Психологиялык көз карандылыкта адам кайсы бир дарыны ичкен соң өзүн жакшы сезип, кайра ичкиси келе берет. Ал эми экинчи түрүндө организм ошол дарыга ишенип алып, өзү айрым функцияларын аткаргысы келбей калат", — деди Роговский.
Андыктан адис дарыгер узак убакытка жазып берген препараттарды акырындык менен таштоо керектигин эскертти.
"Мисалы, кан басымы жогору, кант диабети бар кишилер айлап-жылдап дары ичишет. Кийин аларды дароо таштап койбош керек. Ага көнүп алган организм тетири эффект бериши мүмкүн", — деди фармацевт.
Ал эми психологиялык көз карандылыкка алып келчү препараттардын сап башында мурунга тамчылатуучу каражаттар турат. Албетте, бул дарылар мурунду ачып, дем алууну жакшыртат. Бирок дем алуу системасы акырындык менен "жалкоо" боло баштайт.
Адис мындай көз карандылык менен күрөшүү бир нече жылга созулушу мүмкүн экенин айтып, андан көрө ага жеткирбей өзүн көзөмөлдөө туура экенин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg