www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күздөн тарта мамкызматкерлердин айлыгы жогорулайт

1-сентябрынан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулайт. Бул тууралуу кечээ Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата куттуктоосунда билдирди.

Анын айтымында, жумуштун татаалдыгы жана натыйжалуулугу үчүн берилүүчү үстөк акы 50 пайызга чейин жогорулайт.

Мындан тышкары, кызматкерлерге ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөнүп турат.

Адылбек Касымалиев 2022-жылдан бери мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы орто эсеп менен 110 пайызга, ал эми муниципалдык кызматкерлердики 153 пайызга өскөнүн белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын да эске салды. Анын айтымында, бул программанын аркасында миңдеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер турак жай шарттарын жакшырта алышты.

Последние новости