www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европанын айрым өлкөлөрү Россияга каршы согуш ачкысы келип турат, бирок алардын андай мүмкүнчүлүгү жок. Мындай пикирин мурдагы ЦРУ аналитиги Ларри Джонсон билдирди. Ал эми саясат таануучу Борис Межуев бул тууралуу кеңири түшүндүрмө берип, Европа эмне үчүн Россияны душман катары көрүп жатканын айтып чыкты.
Ларри Джонсон YouTube каналындагы маегинде мындай деди:
«Европа түз согуш баштай албайт. Алардын каалоосу бар, бирок ресурсу жана тажрыйбасы жок. Алар Россияга кол салып, аны алсыраткысы келет, бирок чыныгы абал таптакыр башка. Алардын колунда жетиштүү курал жок, андан да маанилүүсү – аны колдоно билген адистер жок. Эгер от тутанса, ошол өрттө өздөрү эле күйүп кетишет».
Мурдагы аналитик Европа өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ашыкча баалап жатканын белгилеп, эгер алар мындай кадамга барса, өздөрүн чоң коркунучка кабылтарын эскертти. Ошол эле учурда ал Москва эч качан Европага биринчи болуп сокку урбай турганын айтты.
«Бирок эгер алар Россияга каршы согуш баштаса, жооп өтө катуу болот. Европа чоң азап тартат», — деди Джонсон.
Саясат таануучу Борис Межуев да Европанын абалын талдап, азыр алар Россияны идеологиялык, саясий жана аскердик жактан “коркунуч” катары көрүп жатканын билдирди. Бирок Европаны реалдуу согуштук аракеттерден Россиянын ядролук арсеналы гана кармап турат.
«Эгер Россия ядролук куралга ээ болбосо, алардын коркунучу реалдуу чабуулга айланмак. 1990-жылдары аларда ушундай мүмкүнчүлүк болгон, бирок колдон албай калышкан. Ошондон бери Европада кандайдыр бир өкүнүч сезими бардай. Азыркы чыңалуу акыркы төрт жыл менен эле чектелбейт», — дейт Межуев.
Анын айтымында, Европанын айрым жетекчилери 2030-жылга чейин Россия менен ачык конфронтацияга даярдануу керек деген риториканы күчөтүп жатышат. Бирок бул план азырынча ишке ашчудай көрүнбөйт.
«Евросоюз азыр өзүн спутниктик байланыш, чалгындоо жана жаңы аскердик мүмкүнчүлүктөр менен камсыздоого аракет кылууда. Бирок алар жакын арада чоң аскердик державага айланат дегенге ишенүү кыйын. Ошентсе да, мисалы, Калининградды курчоого алуу сыяктуу аракеттер теория жүзүндө мүмкүн. Бул Россия үчүн олуттуу чакырык», — дейт саясат таануучу.
Анын пикиринде, азыркы геосаясий кырдаалда чакан жаңжал да дароо ядролук деңгээлге жетип кетиши толук мүмкүн.
Межуевдин баамында, Европанын Россияга болгон агрессивдүү риторикасы жакын арада өзгөрбөйт. Бирок, анын айтымында, толук масштабдагы согуш болбосо да, “жылуу мамиле” күтүүгө да болбойт.
«Эң жакшы сценарий – бул “муздак тынчтык”. Бул советтик доордогу муздак согуш мезгилиндей абал болот. Ким кайсы тарапта экенин так түшүнүү болот. Мурда нейтралдуу өлкө болгон Финляндия да эми буфер болбой калды. Европа эми экиге бөлүнөт: бир тарабы – орус дүйнөсү, экинчи тарабы – Европа союзу. Башка жол жок, дал ушундай абалда жашоого туура келет», — деди саясат таануучу
Жыйынтыктап айтканда, эксперттердин баамында Европа Россияга каршы ачык согуш ачкысы келгени менен, азырынча ага ресурсу да, саясий эрки да жетпейт. Ал эми Москва тарап “биринчи болуп чабуул койбойт” деген позицияны карманып турат. Бирок дүйнө азыр деле жаңы муздак согуштун босогосунда тургандай, дейт журналист Артем Феоктистов.