www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Латвиянын мектептеринде жаңы эреже киргизилди: башталгыч класстын окуучулары (1-3-класстар) бааланбайт. Бул тууралуу Argumenti.ru маалымдады. Жаңы эрежелер жөнүндө "Мектеп 2030" мектеп программасынын долбоорунун башчысы Павел Пестов айтып берди.

Башталгыч класстын окуучуларынын билими кандайча аныкталат?

Пестовдун айтымында, мугалим окуучунун жетишкен конкреттүү натыйжаларын баалайт: “Ар бир предмет боюнча жетишүүгө боло турган натыйжалар аныкталат, мугалим ар бир окуучунун пландын кайсы бөлүгүн өздөштүргөндүгүнө баа берет. Бул маалымат ата-энелерге балдарынын кандай натыйжаларга жетишип жаткандыгын билүүсү үчүн берилет», - дейт.

4-класттан 12-класска чейинки окуучулары кадимкидей бааланат (максималдуу баа - 10). Бардык эле ата-энелер инновациянын маанилүүлүгүн түшүнүшпөйт: "Эгерде балабыз баалабаса, балабызды окууга кантип кызыктырабыз?" дешүүдө.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости