www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот Улуттук гвардиянын кенже сержантын сүзгөн адамды актады

Сокулук райондук соту өзгөчө кырдаал учурунда Улуттук гвардиянын кенже сержантын сүзгөн адамды актады. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдары билдирди.

Жабырлануучу каршы арыз жазган.

«Соттук отурумдун жүрүшүндө айыпталуучу кенже сержант аны токтоткондо, башка айдоочулар ага сигнал басышканын билдирген. Ал киши айдап кетүүнү каалаган, бирок аскер кызматкери анын капотуна секирип кеткен. Шок абалында айдоочу газды баскан, бирок башкаруусун жоготуп, бакты сүзгөн», – деп билдирди редакция.

Белгилүү болгондой, жабырлануучу сотто оор жаракат алганын, дарыланууга муктаж экендигин, бирок айдоочуну кечиргенин жана ага эч кандай дооматы жок экендигин билдирген.

Май айында Сокулук районунда “Subaru Legacy” унаасынын айдоочусу өткөрүү пунктунда турган аскер кызматкерин сүзүп кеткен. Кагылышуудан кийин айдоочу бакты сүзүп алган. Жабырлануучу башынан катуу жаракат алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости