www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров, Беларуссиядагы ички маселелерди “эч кандай тышкы кийлигишүүсүз” өзүлөрү чечүүсүн белгилөө менен сунушталган конституциялык реформанын эң жакшы тандоо экенин белгиледи.

Москвадагы Мамлекеттик тышкы иштер университетинин (MGIMO) студенттери менен болгон жолугушууда Лавров: “Кандайдыр бир таңуулоочу ортомчулук кызматына муктаждык жок деп ойлойбуз. Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко конституциялык реформаны сунуштоодо. Биздин байкашыбызча бул жарандык коом менен диалог түзүүгө жана Беларуссиянын ар бир жаранын тынчсыздандырган бардык маселелерди талкуулоого мүмкүн болгон бир жол” деген оюн айтты.

Андан сырткары, Россиянын Беларуссия менен болгон байланышында иштер эл аралык укуктук жана кош тараптуу келишимдердин негизинде жүзөгө ашаарын кошумчалады.

Эске сала кетсек, Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко өлкөдө президентке көз каранды эмес бир системаны түзүү керектигин айткан эле. Андан соң жаңы конституция боюнча иштердин башталганын айтып, оппозия тараптын 1994-жылы түзүлгөн конституцияга кайтуу сунушун четке каккан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости