www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тун кызы Айшат республиканын маданият министринин биринчи орун басары болду. Бул тууралуу ал өзү Телеграм баракчасында жарыялады.

“Достор, Айшат Кадырова Чечен Республикасынын Маданият министринин биринчи орун басарлыгына дайындалды. Мен аны чын дилимден анын жашоосундагы дагы бир маанилүү окуя менен куттуктайм”, – деп жазган ал.

Бул кызматка аны дайындоо “өтө олуттуу  чечим”. “Жаштыгына карабастан, ал эң татаал жана масштабдуу долбоорлорду жетектей алат, ошондой эле Айшат маданият тармагын башкарууда чоң тажрыйбага ээ” – деди Кадыров.

Кадыров ушул жылдын март айында кызы “Чечен Республикасына сиңирген кызматы үчүн” медалы менен сыйлангандыгын кошумчалады.

Айшат Кадырованы кызматка дайындоо чечими Чеченстандын маданият министри Хож-Бауди Дааевдин демилгеси менен кабыл алынганы айтылды.
 

 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости