www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Индо-Тынч океан аймагындагы иш-аракеттеринин Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясына (АСЕАН) коркунуч жаратканын билдирди. Бул тууралуу трт.нет билдирет. Лавров билдирүүсүн Камбоджанын борбор шаары Пномпенде өткөргөн маалымат жыйында жасады.

АКШнын Индо-Тынч океан аймагындагы аракеттерине баа берген Лавров: «АКШнын жана анын жакын союздаштарынын аймакта тар структураларды түзүүдөгү ишмердүүлүгү консенсустун жана өз ара урматтоонун негизинде иш алып барган Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясына (АСЕАН) коркунуч жаратууда. Буга AUKUS (АКШ, Британия жана Австралиянын ортосундагы альянс) сыяктуу аскердик-саясий аракеттер да кирет. Индо-Тынч океан аймагында НАТОнун кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу үчүн AUKUSту колдонуу тенденциясы бар»,-деди.

Орусия менен АКШнын ортосунда камактагы орус жана америкалык жарандары менен алмашуу темасына да токтолгон Лавров: «Биз бул маселени (Орусиянын президенти Владимир) Путин менен (АКШ президенти Жо Байден) макулдашкан каналдын алкагында талкуулоого даярбыз»,-деп айтты.

Министр Лавров Ирандын өзөктүк келишими боюнча болсо Тегеран администрациясынын позициясынын «туура» экенин жана АКШнын келишимге кайтып келиши керектигин баса белгиледи.

Последние новости