www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын атайын операциясы коопсуздук кепилдиги бар Украинанын нейтралдуу макамы тууралуу келишим менен аяктайт. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Лидеры России" аттуу эл аралык тректин финалында катышуучулар менен жолугушуу учурунда билдирди, деп жазат РИА Новости.
"Операция коопсуздук кепилдиги бар Украинанын нейтралдуу макамы, коопсуздук сыяктуу бардык маселелерди камтыган документтерге кол коюу менен аяктайт деп үмүттөнөм", — дейт Лавров.
Ошондой эле, тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусиянын атайын операция аяктагандан кийин, украиналык диалог маселеси украиналыктардын өздөрүнүн иши экенин билдирди.
"Биз азыр жетип жаткан максаттарыбызды жарыяладык. Украин ичиндеги диалогго келсек, бул биздин операциябыз аяктагандан кийин украиналыктардын иши болсо керек", - деди Лавров "Россия лидерлери" сынагынын катышуучулары менен жолугушууда.
Белгилей кетсек, Орусия 24-февралда Украинага аскердик операцияларын баштаган.
Булак: NazarNews.kg