www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва Донецк жана Луганск Элдик Республикаларынын (ДЭР жана ЛЭР) коопсуздугуна кепилдик берет, деп билдирди Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

«Орусия менен бул жаңы мамлекеттердин ортосунда достук, кызматташтык жана өз ара жардам көрсөтүү келишимдерине кол коюлду, анда биз алардын коопсуздугун камсыз кылууга кепилдик беребиз. Муну баары түшүнөт деп ойлойм», - деди министр.

Белгилей кетсек, буга чейин Донбасс республикалары Орусия менен достук жана өз ара жардамдашуу келишимин ратификациялаган. Эки республиканын парламенттеринде чечим бир добуштан кабыл алынды — ДЭРде 87 депутат жана ЛЭРде 46 парламентарий макул деп добуш берди.

Эске салсак, 21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин ДЭР менен ЛЭРдин көз карандысыздыгын таануу жөнүндө жарлыктарга, ошондой эле республикалар менен достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу жөнүндө келишимдерге кол койду.

Ошол эле күнү эртең менен ДЭР менен ЛЭРдин жетекчилери Денис Пушилин менен Леонид Пасечник Путинден республикалардын көз карандысыздыгын таанууну суранышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости