www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва камакта жаткан жарандарды алмаштырууну дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу пикирин 5-августта Камбоджада өтүп жаткан Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн бирикмесинин (АСЕАН) саммитиндеги басма сөз жыйынында айтты.

“Орусияда жана АКШда соттолгон адамдар тууралуу мен мурда да конкреттүү түрдө айткам. Азыр президенттер Путин жана Байден менен макулдашылган канал бар. Коомчулукта ким эмнелерди айтпасын азыр ошол канал иштеп жатат. Биз бул теманы талкуулоого даярбыз”,-деди Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 29-июлда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен телефондон сүйлөшүп, абактагы жарандарды алмаштыруу маселесин талкуулашты. Андан кийин АКШ президенти Жо Байден Орусияда камалган америкалык эки жаранды курал-жарак соодасы үчүн соттолгон орусиялык Виктор Бутка айырбаштоо сунушун колдогон. Бут Орусияда соттолуп жаткан америкалык жарандар – баскетболчу Бриттни Грайнерге жана мурдагы аскер Пол Уиланга алмаштырылганы жатат.

4-августта Москванын жакасындагы Химки шаарынын соту америкалык баскетболчу Бриттни Грайнерди тогуз жылга колонияга кести. Ал баңгизатты контрабандалык жол менен ташууга күнөөлүү деп табылды. АКШнын президенти Жо Байден америкалык баскетболчу Бриттни Грайнерге чыккан айыптоо өкүмүн “кабыл алынгыс” деп атады жана Орусияны аны токтоосуз түрдө бошотууга чакырды.

Грайнерди быйыл 17-февралда Москванын Шереметьево аэропортунда кармашкан. Тергөөчүлөрдүн айтымында, багажында электрондук тамекинин кара куурайдын майы менен толтурулган картриждери табылган.

7-июлда Химки райондук сотунда өткөн жараянда ал күнөөсүн моюнуна алып, бирок мыйзам бузуу ниети болбогонун айткан. Ал алып жүргөн заттар Орусияда жүгүртүүгө тыюу салынган, АКШнын айрым штаттарында алып жүрүүгө уруксат бар.

АКШдан тышкары Британиянын, Ирландиянын жана Канаданын жараны Уилан 2018-жылы Орусияда кармалып, ага "АКШнын атайын кызматтарынын пайдасына тыңчылык кылган" деген айып коюлган. Уилан Москвага үйлөнүү үлпөт тоюна гана барганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости