www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ менен НАТОнун аскердик инфраструктурасын Борбор Азияга жайгаштырууну кабыл алынгыс деп атады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды. Ошондой эле, ал Москва мындай демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө каршы экенин белгиледи.

«Биз АКШ менен НАТОнун кандайдыр бир аскердик инфраструктурасын же аларды тейлеген оогандардын коңшу мамлекеттердин аймагына, биринчи кезекте Борбор Азияга жайгаштырылышын кабыл алынгыс деп эсептейбиз.

Мындай пландар биздин мамлекеттердин коопсуздук кызыкчылыктарына каршы келет жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун уставдык документтеринен келип чыккан милдеттенмелерге карама-каршы келет», - деди Орусиянын тышкы иштер министри.

Мындан тышкары, ал ооган качкындарын кошуна мамлекеттерге жайгаштыруу боюнча кайрылууларга өтө этияттык менен мамиле кылуу керектигин белгилеп, конкреттүү өлкө жана жалпы региондун коопсуздугу үчүн мүмкүн болуучу бардык кесепеттерди кылдат эсептеп чыгууга чакырды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы белгилегендей, мындай демилгелер «асыл гуманитардык ураандар» менен коштолот, бирок иш жүзүндө алар көптөгөн көйгөйлөрдү алып келет.

Эске салсак, буга чейин Лавров Батыштын Украинадан «экинчи Ооганстан» кылуу аракети тууралуу айткан. Дипломаттын айтымында, Батыш өлкөлөрү дүйнөлүк саясаттын борборун бир өлкөдөн экинчи өлкөгө көчүрүүнү каалашат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости