www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лавров:

Батыш Орусияга, бүткүл орус дүйнөсүнө катаал согуш жарыялады, муну эч ким жашырбайт. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Тышкы иштер министрлигине караштуу субъект жетекчилеринин кеңешинин жыйынында билдирди, деп маалымдайт ТАСС.

Лавровдун айтымында, АКШ жана анын өнөктөштөрү Орусияны ооздуктоо аракеттерин күчөтүүдө.

"АКШ жана анын союздаштары бир тараптуу экономикалык санкциялардан тарта дүйнөлүк медиа мейкиндигинде тымызын пропагандага чейин эң кеңири куралдарды колдонуп, өлкөбүздү ооздуктоо аракеттерин эки, үч, төрт эсеге көбөйттү. Ал эми көптөгөн батыш өлкөлөрүндө күнүмдүк орусофобия болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти, тилекке каршы, бир катар өлкөлөрдө аны бийликтер кубаттап жатышат", - деди ал.

Анын айтымында, Орусиянын Батыш тарабынан кууп чыгышына байланыштуу азыркы кырдаал дагы көпкө сакталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости