www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лавров: «Путин менен Зеленскийдин сүйлөшүүсү зарыл»

Орусия менен Украина президенттери Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин жолугуп-сүлөшкөнү зарыл. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды. Лавровдун айтымында, Москва үчүн негизги маселелер ачык болбосо, аларды уюштуруу мүмкүн эмес. «Бардык негизги маселелер боюнча жыйынтыктар ачыкка чыккандан кийин [Путин менен Зеленский] жолугушуусу керек», - деди Орусиянын тышкы иштер министри.

Орус тарап үчүн Луганск жана Донецк Элдик Республикаларынын, Кырым жарым аралынын макамы, Украинаны демилитаризациялоо жана денацификация маселелери артыкчылыктуу бойдон калууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия менен Украина ортосундагы сүйлөшүүдөгү жылыш тууралуу азырынча айта албай турганын, бирок ал сүйлөшүүнү Ыстамбулда жекече улантуу чечими кабыл алынганын маанилүү деп атаган. Президенттин басма сөз катчысы белгилегендей, учурда бийлик сүйлөшүүлөргө байланыштуу деталдарды ачыкка чыгарбоо саясатын карманууда.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости