www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-июлда Ташкенде өткөн ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтүүдө.
Анда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөр өз ара эсептешүүдө улуттук валютага өтүшү мүмкүн экенин билдирди.
ШКУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында тараптар ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Самаркандда өтө турган саммитинде кол коюла турган документтердин долбоорлорун карашты. Лавров өзү белгилегендей, биринчи кезекте мындай документ Самарканд декларациясы болуп саналат, ал жогорку деңгээлде даяр.
"Буга байланыштуу мен эки документти бөлүп берейин: биринчиси – транспорт коридорлорунун өз ара байланышы жөнүндөгү концепция. Экинчи документ биздин келечектеги ишибиз үчүн да маанилүү – бул өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валюталарды колдонууну кеңейтүү боюнча жол картасы", деп Лавров.
Ошондой эле энергетика, транспорт, санариптештирүү, инновациялар, жаңы технологиялар жана саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлорго документтер даярдалды. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы быйылкы жылы жаңы институт ишке кирерин, анын ишмердүүлүгү ШКУну дүйнөгө таанытууга багытталганын билдирди.
Булак: NazarNews.kg