www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 1-мартта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жабык эшик артында сүйлөштү. Бул тууралуу "ТАСС" Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарованын билдирүүсүнө таянып билдирди.

Жабык жыйындын темасы кайрадан Украина маселеси болушу мүмкүн экени айтылууда. Бийлик маалымат ачыкка чыгарбагандыктан, жолугушуунун темасы белгисиз бойдон калууда.

Фидан менен Лавров буга чейин Рио-де-Жанейродо Чоң жыйырмалыктын тышкы иштер министрлеринин жыйынында жолугушкан. Бирок мурунку жолугушууда сүйлөшүүнүн темасы айтылган эмес.

Эске сала кетсек, Лавров Пхеньянда Ким Чен Ын менен жолугушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости