www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-октябрда Биринчи Май райондук соту президенттин карындашынын колун сураган Автандил Сабырбеков менен анын бир тууган агасы Тариэл Сабырбековдун баш коргоо чарасын карап, камактагы мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

Маалыматка караганда, алар 3-декабрга чейин камакта болот.

Буга чейин президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов «Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызынын жигити укук коргоо органдары тарабынан кармалганын тастыктайбыз. Лаззат Нуркожоеванын жигити тууралуу маалымат учак менен “кыздын колун суроо” иш чарасынан кийин белгилүү болгон. Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар.

Президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт. Эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат» деген.

Последние новости