www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча кызматкерлери Муниципалдык инспекция менен биргеликте социалдык тармактардагы видеодон улам Лебединовка айылындагы пенопласт өндүргөн «Барс-Аю» ЖЧКсынын ишин текшеришти.

Жаратылыш ресурстары министрлиги билдиргендей, текшерүүнүн жүрүшүндө ишканада газ тазалоочу жабдык жок экени аныкталган.

Ишканага 28 миң сом айып салынды.

Ошондой эле экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында газ тазалоочу жабдуу орнотулганга чейин ишкананын иши убактылуу токтотулду.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Барс-Аю» ЖЧКсынын жетекчиси Ясиров Арли Уширович, ал эми ээси Ковальчук Владимир Юрьевич болуп саналат.

Последние новости