www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Легендарлуу парламент (1990-1994-жылдар)

Парламентке 85 жыл толуп турат. Легендарлуу парламенттен баштайлы350 депутат болгон. Легендарлуу парламент атка конгон эгемендүүлүктүн шарданы менен, ооздогу «скочту» сыйырып, ойго келгенди оттогон биринчи парламент ушул болду. Ал мезгилде ар бир чоң колхоздон бирден депутат шайлана турган. Ар бир райондон он-жыйырма депутат. Бары тең эле дудук болгондой унчугушпай колун көтөрүп берип коюшуп кете беришчү. 1989-жылы Москвада кызык башталды. СССР Жогорку Советинин депутаттары СССРдин Президенти Горбачевду коколой баштады. Борбордук Азиядан барган депутаттар койдон жоош болуп отуруп беришти.

Ошол мезгилде бизде президент шайланып, андан соң заман өзгөрүлүп, Кыргызстандын көктөн тилегени жерден табылып эгемендүүлүк алаар менен, биздин депутаттарга да тил бүтө баштады. «Сыныктан башкасы жугуштуу»-дегендей, Москваны туурап, биздин парламент Москванын «ксерокопиясына» айланды да, кыргыз Сахаров, Собчактар пайда боло баштады. Ошол мезгилде 500 гектар жерди менчиктештирип ала койгондор болгон. Тилинен чаң чыккан Шеримкулов спикер эле. Ал өтө куулук менен бийлигин бекемдегиси келип, премьер-министр Исановго куда түшүп, ачуу басарын, калыңын берип кызын алат. Ошол мезгилде эле Шеримкулов кыргыздар бай-кедейге бөлүнсүн, кедей кедейдин кызын, бай байдын кызын алсын деген жазылбаган мыйзамды түптөп кеткен.

Компартиянын күүсү менен 1990-жылга чейин жашадык. 1990-жылдан «итибиз чөп жебей», мурдубуздан суу шорголоп,жакырчылыктын сазына белибизден тыгылып, мамлекетибиз инфляция, коррупция, карыз сурамай деген дартка чалынды. Мына көп жылдан бери ошол дарттан кутула албай, бийлик эл алдында куу тумшукка айланды.Улам бирин тумшугун талкалап кууп чыгат, анын ордун ээлегени анын эски дартын жугузуп алат. Легендарлуу парламент Кыргыз мамлекетинин Башмыйзамын, гимнин, туусун,гербин, улуттук валютасын кабыл алып, алтындын чыры менен тамам болду

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости